Роза Айтматова 89 жашында акка моюн сунду

Коомдук ишмер, педагог, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова жарык дүйнө менен кош айтышты. Маалыматты Би-Би-Сиге жазуучу Топчугүл Шайдуллаева ырастады.
"Акка моюн сунганына бир сааттай болуп калды. Мен барганда жылуу болчу. Коштошууга үлгүрүп калдым. Коштошуп чыкканда эле өтүп кетти дешти. Эже ооруп жүргөн, үйүндө болчу", - деди Топчугүл Шайдуллаева.
Роза Төрөкуловна Айтматова физика-математика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер, аялдардын укугун коргоо кыймылынын өкүлдөрүнүн бири болгон. Ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы, мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов менен Нагима Айтматованын кызы.
Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Анын балалыгы сталиндик репрессиянын оор жылдарына туш келген. 1937-жылы атасы Төрөкул Айтматов камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган. Андан кийин үй-бүлөсү "эл душманынын" жакындары катары көптөгөн кыйынчылыкка кабылган.
Роза Айтматова 1963-жылы Владимир Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн. Кийин кристаллография багытында илимий иштерди жүргүзүп, физика-математика илимдеринин кандидаты болгон.
Эмгек жолун Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында баштаган. 1977-жылы өзү билим алган педагогикалык институтта иштей баштаган. Окутуучу, доцент, кафедра жетекчиси болуп эмгектенип, кийин институттун тарбия иштери боюнча проректору кызматын аркалаган. Ал 1999-жылга чейин жогорку окуу жайында иштеген.
Роза Айтматованын коомдук ишмердигинин негизги багыты аялдардын укугун коргоо, гендердик теңчилик жана аялдардын коомдогу ордун бекемдөө менен байланыштуу.
1995-жылы Бээжинде өткөн Аялдардын абалы боюнча төртүнчү дүйнөлүк конференцияга катышкан. 1996-жылы кесиптештери менен биргеликте "Аялдарга колдоо көрсөтүү борбору" коомдук уюмун негиздеген. Уюм аялдардын укуктук маалымдуулугун жогорулатууга, алардын коомдук жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иштерди жүргүзгөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
1997-жылы Роза Айтматова Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияны кыргыз тилине которуп, анын беренелерине түшүндүрмөлөрдү даярдаган. Ошондой эле аялдардын укуктары боюнча окуу материалдарын жана тренингдерди иштеп чыккан.
Ал жетектеген "Гендердик мектеп" программасы Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы аялдардын лидерлик жөндөмүн өнүктүрүүгө жана коомдук иштерге активдүү катышуусуна көмөк көрсөткөн.
Роза Айтматова коомдук ишмердиги менен катар публицистикалык эмгектерди да жазган. Анын "Тарыхтын ак тактары" аттуу китебинде атасы Төрөкул Айтматовдун өмүрү, сталиндик репрессиялар жана ошол мезгилдеги үй-бүлөсүнүн тагдыры архивдик документтердин негизинде баяндалган.
2022-жылы Роза Айтматова бир тууганы Ильгиз Айтматовдун балалыгы жана жаштыгы тууралуу "Кат келди" аттуу китебин жарыялаган. Китепте согуш жылдарындагы айыл турмушу жана почтальон болуп иштеген Ильгиз Айтматовдун эскерүүлөрү камтылган.
Роза Айтматова Кыргызстанда илимдин, билим берүүнүн жана аялдардын укугун коргоо кыймылынын өнүгүшүнө салым кошкон инсан катары тарыхта калат.

































