Ормуз кысыгы ачылууда: мунайдын баасы качан түшөт?

    • Author, Алексей Калмыков
    • Role, Би-Би-Си
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

АКШ менен Иран Ормуз кысыгындагы блокаданы алып салышты. Дал ушул блокада мунайдын баасынын кескин өсүшүнө себеп болуп, дүйнөлүк экономиканы кризистин чегине жеткирди. Ошол эле учурда баанын жогорулашынан эң көп пайда көргөн өлкөлөр Орусия менен АКШ болду. Версалда меморандумга кол койгондон кийин АКШ президенти Дональд Трамп "мунай баасы төмөндөйт" деп айтып, манжасы менен жерди көрсөттү.

Дүйнөлүк рынок Трамптын сөзүнө кулак төшөйбү?

Согуштун кесепетинен дүйнө мунай жеткирүүнүн болжол менен 13 пайызынан ажырады. Баа бир баррелге 60 доллардан 100 долларга чейин көтөрүлдү. Бирок мунай 200 долларга чейин жетет деген божомолдор ишке ашкан жок.

Баалар мурдагы энергетикалык кризистеги деңгээлге да жеткен жок. Ал кризис Орусиянын Украинага кол салышы жана Европа Биримдигине каршы газ согушунан улам башталган болчу.

Трамп Ормуз кысыгы жума күнү ачыларын, Перс булуңунда камалып турган мунай кайрадан дүйнөлүк рынокко чыгарын айткан. Бейшемби күнү эле бул аймакта кемелердин кыймылы жандана баштаганы байкалган.

Бирок адистердин айтымында, кеме каттамдары кайра башталган күндө да дүйнөлүк мунай рыногу толук калыбына келиши үчүн бир нече жума эмес, айлар талап кылынат.

Эл аралык энергетикалык агенттик (IEA) 110 күнгө созулган бөгөттү "тарыхтагы эң ири энергетикалык үзгүлтүк" деп атады.

Кысыктын жабылышынан улам Перс булуңундагы ири мунай өндүрүүчүлөр өндүрүштү дээрлик 45 пайызга кыскартууга аргасыз болушкан.

Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик ADNOC мунай компаниясынын жетекчиси Султан Ахмед аль-Жабер билдиргендей, өндүрүштү согушка чейинки көлөмдүн жок дегенде 80 пайызына чейин жеткирүү үчүн төрт айдай убакыт керек болот. Ал эми толук калыбына келүү кийинки жылдын жазына же жайына чейин созулушу мүмкүн.

Ушундай эле пикирди Shell компаниясынын башчысы Ваэль Саван да билдирген. Анын айтымында, мунай рыногунун мурдагыдай калыбына келиши үчүн бир жылдан ашык убакыт кетиши мүмкүн.

Согушка чейинки баалар качан кайтып келет?

Эгер баары эң жакшы нукта өнүксө, башкача айтканда, Ормуз кысыгы ачык болуп, ок атышууну токтотуу келишими күчүндө кала берсе, дүйнөлүк энергетика рыногундагы абал кышка чейин акырындап турукташат. Ал эми кийинки жылы дүйнөдө кайрадан мунайдын көлөмү суроо-талаптан ашып, мунай ашыкча боло баштайт. Мындай бааны мунай рыногундагы олку-солкулуктарга каршы күрөшүү үчүн бай өлкөлөр түзгөн Эл аралык энергетикалык агенттик билдирүүдө.

Мунайдын баасы ошондо гана төмөндөй баштайт. Ошентсе да баалар кескин түшпөйт. Себеби мунай импорттогон өлкөлөр кризис учурунда сатып жиберген стратегиялык мунай запастарын кайрадан толуктоого аргасыз болушат.

Болбосо, аларда кийинки кризисти компенсациялоого каражат болбойт. Ал эми акыркы жылдардагы окуяларды эске алганда, жаңы кризистин чыгышы алыс эмес экени көрүнүп турат.

Согуштун кесепеттерин азайтуу чарасы катары резервдерди сатуу башында эң көп дегенде төрт-беш айга созулушу керек болчу. Дээрлик төрт ай өттү. Резервдер рекорддук жана тездик менен азайып баратат: Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматы боюнча, алар май айында күнүнө 4,6 миллион баррелге азайган.

Атүгүл өлкөлөр өздөрүнүн мунай корлорун кеңири колдонгонуна карабастан, бул чара согуштун айынан Ормуз кысыгы аркылуу токтоп калган мунай жеткирүүлөрүнүн ордун толук жаба алган жок.

Дүйнөдө күн сайын 100 миллиондон ашык баррель мунай керектелет. Согушка чейин Сауд Арабиясы күнүнө 10 миллиондон ашык баррель мунай өндүрчү. Ирак, Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттары үчөө биригип дагы ошончо көлөмдө мунайды дүйнөлүк рынокко жөнөтүп турушкан. Ал эми Иран күнүнө 3,5 миллион баррель мунай сатчу.

Май айында ошол 24 миллион баррелдин ичинен Перс булуңунан дүйнөгө 14 миллион баррелден да аз мунай чыккан. Көбү Ормуз кысыгын айланып өткөн куурлар аркылуу жеткирилген.

Мындай чоң кризистин келип чыгышын алдын алууга мунайдын корун болуп көрбөгөндөй көлөмдө рынокко чыгаруу гана эмес, башка да себептер жардам берген. Маселен, керектөөчүлөр үнөмдөөгө өтүштү. Кытай менен Жапония импортту кескин кыскартып, мурда топтогон запастарын колдоно баштады. АКШ менен Улуу Британия Орусиянын мунайына салынган санкциялардын бир бөлүгүн жумшартты.

Жалпысынан алганда, согушка чейин дүйнөдө азыр IEA 2027-жылга мүнөздөп жаткан жагдайга окшош абал калыптанган эле: мунай керектөөдөн ашык болуп, баалар төмөн болчу.

Бирок кийин кырдаал өзгөрдү. АКШ менен Израил Иранга карата аскердик соккуларды баштаганда баалар дароо көтөрүлдү. Биринчи 60 доллардан 80 долларга чейин, согуш бир-эки жумада бүтпөй турганы белгилүү болгондо, баа 100 доллардан да ашып кетти.

Ок атышууну узартуу боюнча меморандумга кол коюу жакындаган сайын баалар кайрадан төмөндөй баштады. Бейшемби күнү мунай фьючерстери (Brent) 78 долларга чейин түштү.

Бул согуштун 100 күндөн ашык мезгилиндеги орточо баадан (100 долларга жакын) төмөн болгону менен, согушка чейинки деңгээлге салыштырганда дагы деле 30 пайызга жогору бойдон калууда.

Эмне үчүн баалар дароо эле мурунку деңгээлге түшпөйт?

Согуш азырынча аяктай элек. Түзүлгөн меморандум болгону ок атышууну убактылуу токтотууну узартуу жана Иран менен АКШнын ортосунда мурда башталган сүйлөшүүлөрдү кайра улантуу гана болуп саналат. Бул согуш өзү да мурдагы сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда башталган.

Мунайдын баасы согушка чейинки деңгээлге кайтышы үчүн Жакынкы Чыгышта туруктуу жана бекем тынчтык орногонуна ишеним болушу керек. Бирок мындай шарт түзүлгөн күндө да мунай рыногу дароо эле калыбына келбейт. Анткени бир нече олуттуу себептер бар.

Перс булуңунда ондогон супертанкерлер камалып турат. Алар Иран менен АКШ Ормуз кысыгындагы блокаданы толук алып салып, кысыкта миналар жок жана эч кандай ок атуу болбойт деп кепилдик бергенден кийин гана чыгып кете алышат.

Бирок бул иштин жарымы гана. Калып калган танкерлер февраль айында мунай менен толтурулган. Ошондон бери Перс булуңундагы өлкөлөр порттогу кампаларын толтуруп, өндүрүштү жогоруда айтылган 45% га кыскартууга аргасыз болушту. Эми ошол мунайды алып чыгуу үчүн бош супертанкерлердин чоң агымы келип, жүктөрдү ташып кетмейинче өндүрүштү кайра көтөрүү мүмкүн эмес.

Танкерлерди тейлөөнү калыбына келтирүү үчүн бир нече жума талап кылынат. Өндүрүштү калыбына келтирүү үчүн бир нече ай талап кылынат. Жок кылынган нерсени калыбына келтирүү үчүн бир нече жыл талап кылынат.

Мындай чоң мунай кризисинен чыгуу процесси эң баштапкы баскычта деле жаңы конфликт чыгып кетүү коркунучу менен коштолушу мүмкүн. Эгер АКШ Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү танкерлердин кыймылын көзөмөлдөөдөгү негизги ролун чектөөгө аракет кылса, кырдаал кайра курчуп кетиши мүмкүн деп эскертет Вашингтондогу изилдөөчү Ноам Райдан.

"Перс булуңунда камалып калган кемелерди коопсуз алып чыгуу үчүн кысык үчүн координацияланган жол кыймылын башкаруу схемасы талап кылынат. Маселе кимдин катышаарында",- деп жазат ал.