"Жаныбызды берип ойнодук". Өзбекстандын тарыхый голу

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Аббосбек Файзуллаев Өзбекстан курамасы үчүн дүйнө чемпионатындагы алгачкы тарыхый голун киргизди. Мехикодогу "Ацтека" стадионунда өткөн беттеште мелдештин дебютанты болгон өзбекстандык футболчулар тажрыйбалуу Колумбия курамасына каршы оюн өткөрүп, 3:1 эсебинде жеңилди.

Өзбек футболунун жылдызы, "Манчестер-Ситинин" оюнчусу Абдукодир Хусанов баштаган өзбек курамасы дүйнө чемпионатындагы алгачкы оюнунда Бавариянын чабуулчусу Луис Диас жана атактуу футболчу Хамес Радригер баштаган Колумбияга каршы ойноду.

Беттештин 40-мүнөтүндө колумбиялык коргоочу Даниэль Муньос эсепти ачып, командасын алдыга чыгарды.

59-мүнөттө Элдор Шомуродовдун соккусун Колумбиянын дарбазачысы кайтарганы менен, топту кармай албай калды. Кайтарылган топко биринчи жеткен Аббосбек Файзуллаев бош калган дарбазага башы менен таамай сокку узатып, Өзбекстандын дүйнө чемпионатындагы алгачкы голун киргизди.

Бирок көп өтпөй, 65-мүнөттө Луис Диас, ал эми беттешке кошулган убакыттын тогузунчу мүнөтүндө Хаминтон Кампас гол киргизип, оюн 3:1 эсебинде Колумбиянын жеңиши менен аяктады.

"Өзүңүздөр көргөнүңүздөй, жаныбызды берип ойнодук. Ушундай мелдеште ойнош биз үчүн чоң жеңиш", - деди Өзбекстан курамасынын оюнчусу Жахонгир Урозов оюндан соң журналисттерге берген интервьюсунда: - Оюн биз күткөндөй кыйын болду. Анткени дүйнө чемпионатында ар бир оюн кыйын болоорун көрүп жатасыздар. Бирок буга карабай биринчи таймда жакшы аракет кылдык. Экинчи таймдын ортосунда кичине чарчаңкы сезилип, ошондон пайдаланып атаандаштар гол киргизип кетишти. Биз дагы аракет кылып бир гол киргизип өзүбүзгө келип алдык. Ар бир оюн биз үчүн өтө маанилүү. Өзүңүздөр көргөнүңүздөй жаныбызды берип ойнодук. Ушундай мелдеште ойнош биз үчүн чоң жеңиш. Кийинки оюндарда мекендештерибизди кубандырганга аракет кылабыз".

Ал эми Колумбия курамасынын башкы машыктыруучусу Нестор Лоренсо оюндан соң командасынын жеңишине ыраазы болгонун билдирди, бирок анын шакирттери мындан да ири эсепте ута алышмак экенин белгиледи. Адистин айтымында, беттеш оңойго турган жок, анткени атаандаш коргонууда абдан уюшкандыкта, тартиптүү жана тыгыз ойноду.

"Биз оңой болбосун билгенбиз. Мындан да көп гол киргизе алмакпыз, бирок атаандаш абдан жакшы уюша алгандыктан, бизге бош зоналарды табуу кыйынга турду", — деди Лоренсо оюндан кийин.

Өзбекстан Борбор Азиядан алгач ирет Дүйнө чемпионатына катышып жаткан команда. К тайпасында Роналду баштаган Португалия, Колумбия жана Конго курамалары менен бир тайпада. Кечээ түнү өткөн оюнда Португалия курамасы Конго менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Учурда тайпада Колумбия 3 упай менен сап башына чыкты. Экинчиде 1 упайы менен Конго менен Португалия турат.

Кыргызстан курамасынын жаштар курамасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов Өзбекстан оор тайпага туш болгонун айтып буларга токтолду:

"Менин оюмча тайпадан чыгышы оор болот. Башкысы Өзбекстанда Европада ойногон футболчулар бар. Алар оюндарда жакшы жардам берди. Өзбекстандын Борбор Азиядан дүйнө чемпионатына катышканы өзү эле чоң жетишкендик".

Эми Өзбекстан "К" тайпасындагы кийинки беттешин 23-июнда Хьюстон шаарында Криштиану Роналду баштаган Португалия курамасына каршы өткөрөт.