You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Москвага дрондор чабуул койду, аба бекеттери жабылды
Түндө Москвага жана Подмосковьеге эки жүзгө жакын учкучсуз учак чабуул жасады. ТАССтын маалыматына караганда, бул орус борборуна жасалган акыркы эки жылдагы эң ири чабуул болду. Капотнядагы мунай иштетүүчү завод ушул аптада экинчи ирет соккуга кабылып, анын аймагында өрт чыкты.
Москва облусунда дрондордун чабуулунан улам 16 адам жабыркады. Бул масштабдуу чабуулдан улам Москванын төрт аэропорту тең убактылуу жабылып, бир катар инфраструктуралык объектилерде өрт чыгып, транспорттук каттамдарда өзгөрүүлөр киргизилди. Бул орус тараптын украин шаарларына жана калктуу конуштарына жасаган соккуларына карата "өтө адилеттүү жооп" экенин Владимир Зеленский билдирди.
Зеленский бейшембиге караган түнү Капотнядагы Москва мунай иштетүүчү заводуна сокку урулганын, бул бир жума ичиндеги экинчи сокку экенин билдирди.
"Бир жумада экинчи ирет Москвадагы мунай иштетүүчү заводго сокку урулду. Ошондой эле Ростов облусундагы жана Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарындагы буталар дагы талкаланды, — деп жазды ал телеграм каналында. — Бул Орусиянын биздин шаарларга жана элге жасаган соккуларына карата толук негиздүү жооп жана биздин аскерлердин орус согуштук машинасын камсыздоочу объектилер боюнча жүргүзгөн ишинин дагы бир маанилүү жыйынтыгы".
"Бул согушту токтотуу мезгили келди, Орусия дипломатиялык багытта зарыл кадамдарды жасашы керек", — деп чакырды Украинанын президенти.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн кийин өзүнүн телеграм-каналы аркылуу Москвага жакындап келе жаткан дагы 14 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ал бул дрондор кайда жок кылынганын жана алардан кандайдыр бир зыян келтирилген-келтирилбегенин тактаган жок.
Буга чейин ал бейшемби күнү түнкүсүн жана эртең менен борбор калаанын аймагында атып түшүрүлгөн дрондордун жалпы саны 180ге жакындап калганын жазган болчу. Ошентип, азыр алардын саны 190дон ашты.
Собяниндин билдирүүсүнө караганда, бир нече дрон борбордун түштүк-чыгышындагы Москва мунай иштетүүчү заводуна "жеткен". Ошондой эле "Садовод" соода борборунун аймагына дрондун сыныктары кулап, Котельникидеги "Мега Белая дача" соода борборунун имаратында дрондун соккусунан улам өрт чыккан. Бул тууралуу буга чейин "Интерфакс" жергиликтүү бийликке жана соода борборунун администрациясына шилтеме берип кабарлаган, аталган борбор ишин токтотту.
Бул объектилердин баары Москванын түштүк-чыгышында жана МКАДга жакын облустун бөлүгүндө жайгашкан. Москванын транспорт департаменти шаардын түштүк-чыгышындагы унаалардын кыймылы өзгөртүлгөнүн билдирди.
Учурда Москванын төрт аэропорту тең учуп кетүү жана конуу үчүн жабык турат.
ТАСС мамлекеттик агенттиги бул чабуулду акыркы эки жылдагы борбордук аймакка жасалган эң ири чабуул деп атады.
Москвада жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок, ал эми Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев буга чейин Электросталь шаарында бир аял жаракат алганын билдирген.
Росавиация телеграм-каналы аркылуу Москва авиатүйүнүнүн төрт аэропорту — "Шереметьево", "Домодедово", "Внуково" жана "Раменское" — учуп кетүү жана конуу үчүн жабылганын маалымдады.
Аталган кызматтын телеграмдагы билдирүүлөрүнө караганда, бул акыркы түн жана эртең менен болгон ушундай үчүнчү чектөө болуп саналат. Росавиациянын өкүлдөрү бул чечимдер учкучсуз учактардын чабуул коркунучунан улам учуу коопсуздугун камсыздоо үчүн киргизилгенин түшүндүрүштү.
Москванын түндүгүндө жайгашкан "Шереметьево" аэропортунда дрон чабуулунун коркунучунан улам жүргүнчүлөр жана кызматкерлер терминалдардан, ошондой эле учактардын ичинен эвакуацияланганын аэропорттун телеграм-каналы билдирди. Аэропорттун кызматкерлери адамдар коопсуз жайларга, анын ичинде жер астындагы унаа токтотуучу жайларга чыгарылганын айтышты. Каттамдардын бир бөлүгү жокко чыгарылып, айрым учактар резервдик аэропортторго багытталды.
ТАСС мамлекеттик агенттиги Москванын мэри Сергей Собяниндин социалдык тармактардагы билдирүүлөрүнө таянып, бейшембиге караган түнү Москва жана анын айланасы (төрт аэропорт тең жайгашкан аймак) украиналык дрондордун эң ири чабуулуна кабылганын эсептеп чыкты.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, түндө Орусиянын 17 аймагынын, ошондой эле аннексияланган Крымдын жана Азов деңизинин акваториясынын үстүндө абадан коргонуу каражаттары тарабынан 555 учкучсуз учак "аныкталып, жок кылынган".
Ростов облусуна жасалган түнкү чабуулдун кесепетинен бир адам каза болду.
"БПЛАнын чабуулунун натыйжасында Гуково шаарында бир адам каза болду, жаракат алгандар бар", — деп жазды аймактын башчысы.
Анын айтымында, орто оор абалдагы эки жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Губернатор алар Гуково шаарындагы жүк ташуучу станциянын кызматкерлери экенин тактады.
Ошондой эле чабуулдун кесепетинен тепловоз жабыркап, коммерциялык объектилерде эки өрт чыкканын Слюсарь кошумчалады. Бир аз убакыттан кийин ал өрттүн бири өчүрүлгөнүн тактады.
Украинага түнкүсүн "Искандер" жана 200дөн ашык дрон менен чабуул жасалды
Бейшембиге караган түнү орус аскерлери Украинага "Искандер-М"/С-400 баллистикалык ракеталарынын жети түрү жана ар кандай типтеги 239 сокку уруучу БПЛА менен чабуул жасаганын Украинанын Аба күчтөрүнүн күнүмдүк маалыматынан көрүүгө болот.
Абадан коргонуу күчтөрү төрт "Искандер-М"/С-400 баллистикалык ракетасын жана 212 дронду атып түшүрүүгө жетишкен.
9 жерге эки баллистикалык ракета жана 26 сокку уруучу БПЛА тийгени, ошондой эле 7 жерге дрондордун калдыктары түшкөнү катталган. Дагы бир баллистикалык ракета боюнча маалымат такталып жатканы маалыматта айтылат.
Сумы облусунда орус дрондорунун чабуулунун натыйжасында бир эркек киши каза болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.
"Тилекке каршы, душмандын БПЛА чабуулу учурунда Сумыда бир адам каза болду", — деп жазды Сумы облустук администрациясынын башчысы Олег Григоров.
Мындан тышкары, чабуулдун кесепетинен турак үй жабыркаган.
Орус аскерлери 18-июнга караган түнү Киев жана Полтавага ракеталык сокку урду. Шаарларда бир нече жолу жарылуу болгону угулганын жергиликтүү бийлик маалымдады.
Бейшембиге караган түнү украиналык бир катар облустарда баллистикалык курал коркунучунан улам аба тревогасы жарыяланган.