Арменияда парламенттик шайлоо аяктады. Өлкөдө аны тагдыр чечүүчү шайлоо деп атап жатышат

Сүрөттүн булагы, Karen MINASYAN/AFP via Getty Images
- Author, Ольга Ившина
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Арменияда өлкөнүн тышкы саясатына түздөн-түз таасир этет турган парламенттик шайлоо аяктады. Шайлоо Армениянын Орусия менен болгон мамилеси салкындап, Ереван Европа Биримдиги менен ымалалаш болуп, Азербайжан менен тынчтык келишимине байланыштуу талаш-тартыш дале уланып жаткан учурга туш келди.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парламенттик шайлоодо өз партиясынын жеңишин жарыялады. Анын айтымында, "Жарандык келишим" партиясы өкмөттү жалгыз өзү негиздей алат.
Добуштарды саноо уланууда, бирок Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган алгачкы жыйынтыктарга ылайык, Пашиняндын партиясы алдыда.
Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктады. Өлкө боюнча бардык 2005 шайлоо участогу жабылгандан кийин саноо башталды. Парламентке келүү үчүн партиялар 4 пайыздык босогону өтүшү керек.
Партиялык блоктор жана бирикмелер үчүн босого пайызы жогору каралган. Эгер бирикме үч партияга чейин түзүлсө 8 пайыз, төрт же андан көп партиядан турган альянстар үчүн 10 пайыз добуш топтоо талап кылынган.
Добуш берүү күнү Би-Би-Си журналисттери Еревандагы алты шайлоо участогуна барып, шайлоого келген адамдардын узун кезектерин байкашкан. Бул жолу парламенттик шайлоолорго соңку өнөктүктөргө караганда активдүүлүк бир топ жогору болгон.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 17:00гө карата шайлоочулардын 48,92 пайызы добуш берген. Бул 2018 жана 2021-жылдардагы шайлоолорго караганда жогору көрсөткүч. Саат 20:00гө карата катышуу 58,97 пайызга жеткен.

Сүрөттүн булагы, Ozge Elif Kizil/Anadolu via Getty Images
Жогорку катышуу өлкөдөгү чыңалууну жана белгисиздикти көрсөтүп турат. Шайлоо өтө поляризацияланган коомдо өттү. Парламенттеги орундар үчүн 18 партия жана биримдик ат салышты. Сурамжылоолорго ылайык, калктын 40 пайызы эч бир саясатчыга ишенбейт турганын, дагы 23 пайызы кимге добуш берерин билбей турганын айткан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шайлоочулар эки багыттын ортосунда тандоо жасашы керек болчу. Бири, Никол Пашинян баштаган учурдагы өкмөттүн Батышка жакындашуу саясаты. Экинчиси, бөлүнүп-жарылган оппозиция сунуштаган ар кандай альтернативдүү саясий багыттар. Алардын арасында орус-армян миллиардери Самвел Карапетян менен байланышкан орусиячыл "Күчтүү Армения" альянсы жана коопсуздук, Карабак боюнча катаал позицияны жактаган мурдагы президент Роберт Кочаряндын "Армения" блогу бар.
Мындан бир нече жыл мурун Армения Тоолуу Карабакты көзөмөлдөй албай калгандан кийин көптөр Пашиняндын саясий карьерасы аяктады дешкен. Бирок бул шайлоо анын атаандаштарына караганда шайлоочулардын ага болгон ишеними жогору экенин көрсөттү.
"Менин Пашинянга жана анын өкмөтүнө көптөгөн суроолорум бар, бирок башка талапкерлерге болгон ишенимим андан да аз", - дейт Ереван тургуну Тагухи.
Пашинян бийликте турган жылдары Армения эң оор жеңилүүлөрдүн бирине туш болду. Тоолуу Карабак Азербайжандын көзөмөлүнө өттү, аймактагы дээрлик бардык армяндар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул өлкө ичинде мамлекеттик мекемелерге болгон ишенимди төмөндөттү.
"Никол Пашинян бийликке келгени баары тескери кетти. Ал эмне кылганын карагыла! Мен азыр ар бир түнү эртең түрктөрдүн бийлиги астында калбасак экен деп тиленем. Бизге орустар гана жардам бере алат, бизди алар гана коргойт", - дейт күйөөсүн согушта жоготуп, 2023-жылы үч баласы менен Шушиден Арменияга качкан Светлана Бедросова.

Тоолуу Карабактан көчүп келгендердин арасында Орусияга болгон мамиле бирдей эмес. Көптөр, тескерисинче, Москва аларды коргой алган жок деп эсептейт. 2020-жылдагы согуштан кийин аймакка жайгаштырылган орусиялык тынчтык орнотуучу топ Лачин коридорунун коопсуздугун көзөмөлдөөгө тийиш болчу. Бирок анын бөгөттөлүшүнө да, андан кийинки армян калкынын депортациясын да алдын ала алышкан жок.
"Биз дагы эле Батыш менен мамиле түзүшүбүз керек. Бул Армениянын келечеги", - дейт өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Арени аймагынан келген Тигран Симонян.
Ал кимге добуш бергенин айткан жок, бирок келечек жөнүндөгү көз карашы менен бөлүштү.
"Бул биз үчүн абдан оор жол болот. Башка өнөктөштөрүбүз менен мамиле татаалдашат. Бирок мен биздин өлкө Батыш менен жакындашууга карай жылышы керек деп эсептейм".

Тагдыр чечүүчү тандоо
Европа менен байланыштарды тереңдетүү жана Орусияга көз карандылыкты азайтуу убадалары Никол Пашиняндын шайлоо платформасынын негизги пункттарына айланды. Шайлоо күнү ал Армения Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер өлкө статусун алууга "объективдүү түрдө али даяр эмес" деп билдирди.
"Биз реформаны акырындык менен уланта беребиз. Евробиримдиктеги өнөктөштөрүбүз тарабынан да баа берилет", - деди Пашинян.
Москва бул аракеттерди коркунуч катары кабыл алууда. Май айында Владимир Путин Арменияда Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы тандоо боюнча референдум өткөрүүнү сунуштаган.
"Бул биздин ишибиз эмес, бирок референдум өткөрүп, армян жарандарынан алардын тандоосу кандай болорун сурап көрүү толугу менен логикага сыймак. Ошого жараша биз да тиешелүү жыйынтык чыгарып, жумшак, маданияттуу жана эки тарапка тең пайдалуу "ажырашуу" жолуна түшмөкпүз", - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Karen MINASYAN/AFP via Getty Images
"Ажырашуу" буга чейин эле бир тараптуу башталып калган. Соңку апталарда Москва гүлдөрдөн, жашылча-жемиштерден тартып алкоголго жана минералдык сууга чейин Армениядан келген бир катар товарлардын импортун чектеди.
Башка нерселер менен катар, чектөөлөр ондогон жылдар бою Орусияга "Жермук" минералдык суусун жеткирип келген Jermuk Group компаниясынын продукцияларына да таасирин тийгизди.
Пашиняндын сынчылары үчүн мындай эпизоддор анын тышкы саясатына каршы аргумент болуп калды. Алардын айтымында, Арменияны Москвадан алыстатуу аны экономикалык жактан да, коопсуздук жагынан да алсыз кылат.
Азыркы өкмөттүн негизги сынчыларынын бири, мурдагы президент Роберт Кочарян, эгерде Пашинян шайлоодон кийин кызматтан кетпесе, анда баары "абдан жаман аяктайт" деп билдирген.
Андан эмне дегенин так түшүндүрүп берүүнү сурашканда, ар ким өзү түшүнгөндөй жоромол кылсын деп жооп берген.
Дагы бир оппонент, орусия-армян миллиардери Самвел Карапетян шайлоо участогуна укук коргоо органдарынын коштоосунда келди. Ал 2025-жылдын соңунда бийликти басып алууга чакырык жасаган деп айыпталып, үй камагында.
Армян демократиясы
Добуш берүүдөн кийин эң ири оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү жүздөгөн мыйзам бузуулар тууралуу билдиришти. Арыздарда шайлоо күнүндөгү мыйзам бузуулар гана эмес, өнөктүктү өткөрүлүү шарттары да камтылган. Оппозиция анын катышуучуларына кысым көрсөтүлүп, кылмыш жоопкерчилигине тартылганын билдирди.
Соңку жылдары Армения бийлигин сындаган оппозициялык саясатчылар, блогерлер, активисттер, Армян апостолдук чиркөөсүнүн өкүлдөрү, анын ичинде жогорку даражалуу дин кызматкерлери ар кандай кылмыш иштерине тартылып келген.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун баяндамасында шайлоо өтө поляризацияланган чөйрөдө өткөнү, өкмөт менен чиркөөнүн ортосунда чыңалуу, оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрүнө каршы кылмыш иштер жүрүп жатканы белгиленген.
Оппозиция бул иштер саясий максатта козголгонун айтса, бийлик бардык териштирүүлөр мыйзам чегинде жүрүп жатканын билдирет.
"Биз антидемократиялык багытка ылдам темп менен бара жатабыз",- деди Еревандагы Демократия жана коопсуздук боюнча аймактык борбордун жетекчиси Тигран Григорян.
Добуш берүүгө бир күн калганда бийлик орусиячыл "Күчтүү Армения" партиясынын алты талапкерин кармады.
*Орусиянын бийлиги Ольга Ившинаны "чет элдик агенттердин" тизмесине кошту. Би-Би-Си бул чечимге кескин каршы чыгып, соттошуп жатат.



























