You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинадагы согуш: Днепр шаарына, Харьков облусуна сокку урулуп, адам өмүрлөрү кыйылды
Орусиянын соккусунан Украинанын Сумы шаарында үч адам жаракат алды. Бул тууралуу шаардык администрациянын башчысы Сергей Кривошеенко билдирди.
Анын айтымында, сокку Сумы шаарынын Ковпаков районундагы жеке турак үйлөргө жана инфраструктураларга тийген.
Кесепетинен үч адам жаракат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Шаар бийлиги Сумыга кайрадан сокку урулушу мүмкүн экенин эскертип, коркунуч дагы деле сакталып жатканын билдирди.
Ошондой эле Орусия дрондору Харьков облусунда жүрүп бара жаткан жүк ташуучу унаага тийгенин облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов жана Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
ӨКМдин маалыматына ылайык, дрон тийгенден кийин унаа оодарылып, өрттөнүп кеткен. Унааны башкарып бара жаткан 40 жаштагы айдоочу каза болгон.
Чернигов облусунун Новгород-Северский районунда да дрон чабуулунан улам бир адам каза болду.
Маалыматына караганда, дагы эки адам жаракат алды. Ошондой эле соккунун кесепетинен агрардык ишкананын аймагындагы унаа жана кампалардын бири өрттөндү.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, Днепр шаарында беш кабаттуу үй жабыркап, анын акыркы кабатында өрт чыккан. Кесепетинен эки аял жаракат алган.
Никополь районунда бир катар инфраструктура зыянга учураган жана 42 жаштагы эркек киши жаракат алган.
Ошол эле учурда Самара облусунун Сызрань шаарына жасалган дрон чабуулунан эки адам каза болуп, дагы бир нече киши жаракат алганын аймактын губернатору Вячеслав Федорищев билдирди.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, 21-майга караган түнү Орусиянын аскерлери Украинага "Искандер-М" баллистикалык ракетасы жана ар түрдүү үлгүдөгү 116 сокку уруучу дрон менен чабуул жасаган. Абадан коргонуу күчтөрү 109 дронду атып түшүрүүгө жетишкен.