"Бул- апаат". Мерцтин партиясы Мекленбургда парламентке өтпөй, Берлинде лидерликтен ажырады

Германия

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Германиянын эки аймагында, Берлинде жана Мекленбург - Алдыңкы Померанияда жергиликтүү парламентке шайлоо өттү. Канцлер Фридрих Мерц жетектеген Христиан-демократиялык союзу (ХДС) үчүн эки шайлоо тең ийгиликсиз аяктады. Берлинде партия биринчи орунду солчулдарга алдырып жиберди. Мекленбург - Алдыңкы Померанияда жергиликтүү парламентке өтүү үчүн зарыл болгон беш пайыздык босогодон да өтө алган жок. ХДС буга чейин Германиядагы аймактык да, федералдык да шайлоолордо мындай начар жыйынтык көрсөткөн эмес. Бирок Мерц кызматтан кетүү ниети жок экенин билдирди.

Германиянын dpa маалымат агенттиги Мекленбург - Алдыңкы Помераниянын шайлоо комиссиясынын маалыматтарына таянып жазгандай, жергиликтүү парламентке шайлоодо оңчул "Германия үчүн альтернатива" (АдГ) партиясы биринчи орунду ээледи. Ал добуштардын 38,2 пайызын алды. Солчул Социал-демократиялык партия (СДПГ) 35,5 пайыз добуш менен экинчи орунга чыкты.

Бул АдГнын акыркы убактагы аймактык шайлоолордогу экинчи жеңиши болду. Сентябрдын ортосунда партия Саксония-Анхальт аймагында өткөн шайлоодо да биринчи орунду алган.

Мерцтин Христиан-демократиялык союзу болгону 4,9 пайыз добуш алды. Демек, партия парламенттен орун алуу үчүн зарыл болгон беш пайыздык босогодон да өтпөй калды.

dpa агенттигинин маалыматына караганда, согуштан кийин Германияда узак убакыт бою эң ири партия болуп келген ХДС буга чейин жергиликтүү, европалык жана федералдык шайлоолордун баарында тең беш пайыздык чектен төмөн түшкөн эмес. Партиянын буга чейинки эң начар көрсөткүчү 1951-жылы Бременде болгон. Анда ХДС 9 пайыз добуш алган.

Deutsche Welle басылмасы (Орусияда "чет элдик агент" катары көрсөтүлгөн) алдын ала берилген расмий маалыматтарга таянып билдиргендей, Берлиндеги Өкүлдөр палатасына шайлоодо радикал солчул Die Linke (Солчулдар) партиясы 25,7% добуш менен жеңишке жеткен. Бул 2023-жылы өткөн мурунку шайлоодогу көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп.

Буга чейин Берлиндеги башкаруучу коалицияны жетектеп келген ХДС 18,8 пайыз добуш менен экинчи орунга, АдГ 16 пайыз добуш менен үчүнчү орунга чыкты.

Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин Мерц Мекленбург - Алдыңкы Помераниядагы жыйынтык христиан-демократтары үчүн чоң сокку болгонун мойнуна алды.

"Мекленбург - Алдыңкы Помераниядагы жыйынтыкты жакшы деп айта албайбыз. Бул - катастрофа",- деди ал.

"Өлкөнүн институттарына болгон ишеним төмөндөп жатат жана аны оңчул да, солчул да радикалдык партиялар активдүү түрдө бузуп жатат",- деп билдирди ал.

Мерц бул абал үчүн жоопкерчиликти өзүнө аларын айтты. Бирок ХДСтин шайлоодогу көрсөткүчтөрүнүн жана анын жеке популярдуулугунун төмөндөшүнөн кийин кызматтан кетүүгө чакырыктар күчөсө да, канцлер кызматын таштабай турганын билдирди. Ал Германияны алдыдагы өзгөрүүлөр аркылуу жетектөөгө даяр экенин айтты. Анын пикиринде, өлкө мурдагыдай жашай албайт. "Германия жаңы башталыштардын өлкөсүнө айланышы керек",- деди Мерц. Канцлер кандай өзгөрүүлөрдү айтып жатканын так түшүндүргөн жок.

Германия

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мекленбург - Алдыңкы Помераниянын Социал-демократиялык партиядан шайланган өкмөт башчысы Мануэла Швезигдин пикиринде, АдГ Украинага берилген колдоону жана Германия өкмөтүнүн Орусия менен энергетикалык кызматташтыктан баш тартуусун сындоо аркылуу шайлоочулардын колдоосуна ээ болгон.

"Биринчиден, биздин жергебизде Украинага көрсөтүлүп жаткан каржылык жана аскердик колдоого нааразы болгондор көп. Экинчиден, "Түндүк агым" кайра иштешин каалагандар да арбын",- деди Швезиг.

Германиядагы негизги партиялар АдГ менен кызматташууга азырынча каршы болуп келгендиктен, Мекленбург - Алдыңкы Помераниядагы жогорку жыйынтык бул партияга аймакты башкарууга реалдуу мүмкүнчүлүк бериши күмөн.

Ошол эле учурда жекшембидеги шайлоо Германиянын саясаты өзгөрүп жатканын көрсөткөн дагы бир белги болду. Ага эки жума калганда АдГ Саксония-Анхальтта дээрлик ишенимдүү жеңишке жетип, ХДС олуттуу утулуп калган.

Берлинде АдГнын бийликке келүү мүмкүнчүлүгү төмөн. Бирок Die Linke партиясынын ийгилиги да Мерцтин партиясына болгон колдоонун азайганын көрсөттү.

Берлиндеги шайлоодо биринчи орунду алган Die Linke партиясынын талапкерлер тизмесин жетектеген Элиф Эралп эми шаардын жаңы мэри болушу мүмкүн. Ал түрк иммигранттарынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Шайлоого чейин Эралп оңчул жана мигранттарга каршы маанайдын күчөшүнө башкаларга караганда жакшыраак каршы тура аларын айткан.

"Эгер мигранттардын арасынан чыккан адам Берлиндин мэри болсо, бул күчтүү сигнал болот",- деген ал.

Die Linke партиясынын теңсиздикке каршы саясаты жана ири бизнестин таасирин чектөө позициясынан улам Эралпты АКШдагы Нью-Йорктун мэри Зохран Мамдани менен салыштырып келишет.

Бирок Эралп мэр болушу үчүн башка партиялар менен сүйлөшүп, шаардык өкмөттү түзө турган коалиция боюнча макулдашууга тийиш. Эң ыктымал вариант катары Die Linke, социал-демократтар жана жашылдардан турган коалиция айтылууда.

Акыркы айларда ХДСтин да, Мерцтин өзүнүн да популярдуулугу кескин төмөндөдү. Сурамжылоолор канцлерди колдогондор 13 пайызга түшкөнүн көрсөтүүдө.

Мерц өзү төрт жылдык мөөнөтүн толук иштөөгө ниети бар экенин айтып келет. Бирок саясий баяндамачылар ХДСтин жеңилүүлөрү жана АдГнын өсүшү улана берсе, Мерцтин партияны үч жылга жетпей өтө турган федералдык шайлоого жакшы жыйынтык менен алып баруу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу суроолор көбөйөрүн белгилешет.

Өткөн дем алышта жүргүзүлгөн сурамжылоодо ХДСтин колдоочуларынын көпчүлүгү Мерц канцлерлик кызматка ылайыктуу деген пикирде эмес экенин көрсөткөн.

Мерц кырдаалды канчалык олуттуу кабыл алганын анын Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына барбай, анын ордуна ХДСтин президиумунун кризистик жыйынына катышуу чечимин кабыл алганы көрсөтүп турат.

Бул жыйын Берлин жана Мекленбург - Алдыңкы Помераниядагы шайлоолордун жыйынтыгы жарыяланганга чейин эле пландалган.

Жыйында Мерцти кызматтан кетүүгө көндүрүү аракети болобу же жокпу азырынча белгисиз. Партиядагы булактын айтымында, жыйында колдоонун рекорддук төмөн деңгээли шартында мындан аркы кадамдар талкууланып, партиянын лидери Мерцтин айланасындагы биримдик көрсөтүлүшү пландалууда.

Ошол эле учурда жергиликтүү шайлоодогу жакшы эмес жыйынтык канцлерди кызматтан кетүүгө чакырыктарды күчөтүшү мүмкүн.

Шайлоого чейин эле Мекленбург - Алдыңкы Помераниядагы ХДСтин жетекчилигинин орун басарларынын бири Мерцти кызматтан кетүүгө чакырган. Мерц жакын арада алмаштырылышы мүмкүн деген сөздөр да күчөдү.

Бирок азырынча ХДСтин жогорку жетекчилигиндеги союздаштарынын бири да аны ачык түрдө кызматтан кетүүгө чакырган жок. Тескерисинче, айрымдары жетекчилик кызматка ким келери тууралуу талкууну азыр баштоодон сак болууга чакырып, учурда туруктуулук маанилүү экенин билдиришти.

Мерцтин мүмкүн болгон мураскерлери катары федералдык аймакты жетектеген эки консервативдүү саясатчы көп айтылат. Алар Түндүк Рейн - Вестфалиянын премьер-министри Хендрик Вюст жана Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер. Азырынча алардын же башка саясатчынын бул кызматка келери белгисиз.

Росток университетинин саясат таануу боюнча профессору Вольфганг Мунонун айтымында, федералдык деңгээлде ХДС менен солчул-борборчул социал-демократтардан турган башкаруучу коалиция партиянын жетекчилигин алмаштырууга жана саясаттын айрым багыттарын өзгөртүүгө аракет кылышы мүмкүн.