Манас шаары Кыргызстандагы экинчи экономикалык борбор болот

ап
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери катышкан республикалык кеңешмеде өлкөнүн алдыдагы беш жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык милдеттерин белгиледи.

Анда ал 2030-жылдын аягына чейин ички дүң продуктунун (ИДП) реалдуу өсүшүн жылына орточо кеминде 8% деңгээлинде сактоо жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын жыл сайын 20% көбөйтүү максатын айтты.

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой, өткөн беш жылдык мамлекеттик институттарды калыбына келтирүүнүн, экономикалык өнүгүүнүн бекем пайдубалын түптөөнүн жана социалдык-маданий турмуштун бардык багыттарында масштабдуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнүн жигердүү мезгили болду. Учурда биз өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштадык. Эми алдыбызда мындан да чоң милдет турат", - деген Жапаров.

Президенттин айтымында, алдыдагы беш жылда экономиканы өнүктүрүүнүн негизги багыты экспортко багытталган кызмат көрсөтүүлөрдү жана өнөр жай өндүрүшүн кеңейтүү болот. Ал чийки затты терең кайра иштетүүгө, кошумча наркы жогору продукция чыгарууга жана ата мекендик товарларды тышкы рынокторго алып чыгууга басым жасаларын айтты.

Жапаров тамак-аш, курулуш, фармацевтика, химия жана жеңил өнөр жайы, ошондой эле машина куруу жана минералдык ресурстарды кайра иштетүү тармактарындагы экспорттук өндүрүштөрдү колдоо пландалып жатканын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, айыл чарба продукциясы ички керектөөнү камсыз кылуу менен чектелбестен, экспортко да багытталышы керек.

Мамлекет башчысы жеке менчикти коргоону, инвесторлордун укуктарын камсыз кылууну жана сот адилеттигин жакшыртууну экономикалык өнүгүүнүн маанилүү шарттарынын бири катары атады. Ал сот системасындагы көйгөйлөрдү тез арада чечүү зарылдыгын айтып, мыйзам алдында бардык жарандар тең болушу керектигин белгиледи.

"Мен аймактарды кыдырып жүрүп, карапайым эл менен жолугушууларда негизги көйгөйдү байкай алдым. Коомчулукта "адилеттүүлүк жок" деген нааразы маанай калыптана баштагандай. Демек, сот адилеттигинде көйгөй бар. Биз аларды тез аранын ичинде жоюшубуз зарыл. Мыйзам алдында эч ким күчтүү да, алсыз да болбошу керек. Мыйзам алдында баары тең болот! Сот сөзсүз түрдө жеке менчиктин кол тийбестигин, инвестициялардын коопсуздугун, ар бир жарандын укуктарын коргоп, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого тийиш", - деген президент.

Ошондой эле Кыргызстанда жасалма интеллектти мамлекеттик башкарууга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, айыл чарбасына, транспортко жана коомдук коопсуздукка киргизүү пландалууда. Президент киберкоопсуздукту күчөтүүгө, жеке маалыматтарды коргоого жана өлкө ичинде технологиялык адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Аймактарды өнүктүрүү боюнча сүйлөп жатып Жапаров Манас шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борбору жана түштүктөгү негизги транспорттук-логистикалык түйүн катары өнүктүрүү пландалып жатканын айтты. Мындан тышкары, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун долбоорун ишке ашыруу жана энергетикалык тартыштыкты жоюу артыкчылыктуу милдеттердин катарына киргизилди.

Президент ошондой эле 2030-жылга чейин 30 "Маданий Ордо" борборун жана 30 заманбап музыкалык мектеп куруу пландалып жатканын билдирди. Жыл сайын кеминде 50 маданият мекемесин капиталдык оңдоодон өткөрүү да каралган.