Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Таласта белгиленип жатат

Талас

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Таласта бүгүн 11-сентябрда Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына арналган чоң салтанат өтүүдө. Анын алкагында президент Садыр Жапаров бүгүн Талас шаарындагы борбордук аянтта өткөн Мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты.

Өз сөзүндө президент мамлекеттик туу ата-бабалардан калган аманат жана кийинки муунга өткөрүп берүүчү эң ыйык таберик экенине токтолду.

"Ошондуктан күн нуру чайып, түндүгүнө ата-бабалардын руху оролгон Туубуз көтөрүлгөндө ар бир кыргыз жаранынын жүрөгү туйлап, "Бул – менин Мекеним! Бул – менин аманатым!" деп, бабаларыбыздан калган жерди, элди, тилди, нарк-насилди сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү жоопкерчилиги кулагында жаңырып турушу керек", - деди президент.

Садыр Жапаров Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдык соңку тарыхы чоң сабактар калтырганын дагы эскерди:

"Албетте, оңой боло койгон жок. Түркүн сыноолорду баштан кечирдик, жаңылдык-жаздык, ийилдик, бирок сынган жокпуз. Жол издедик, тажрыйба топтодук, акыры өзөгүбүздү таанып, уңгужолубузга кайта баштадык. Эң башкысы – өткөндөн сабак алып, элдүүлүгүбүздү чыңдап, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз".

Талас, 11-сентябрь, 2026-жыл

Сүрөттүн булагы, Official

Таласта президент Садыр Жапаров элдин биримдигин сактоого, эгемендүүлүктү көздүн карегиндей коргоого жана ар бир адамды өз иши менен Мекенге болгон сүйүүсүн көрсөтүүгө чакырды. Мамлекет башчысы элди биримдикке чакырып, салттарды жана улуттук баалуулуктарды сактаганда гана күчтүү Кыргызстанды куруларын, кийинки муунга татыктуу келечек калтырууга болорун айтты.

Таласта жасалган жана жасалчу иштер

Садыр Жапаров өз сөзүндө акыркы жылдары Талас облусунда бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылганын айтты.

Алардын арасында "Акылман" лицейи, мусулман коомчулугу үчүн сыйынуу жайы, жаңыланган "Манас Ордо" комплекси, ошондой эле "Айтматов ааламы" долбоору бар экенин белгиледи.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мындан тышкары, шаарда элдин эс алуусуна арналган аллея жана балдар үчүн "Баластан" оюн-зоок борбору курулганын айтты.

Президент шаар тургундары үчүн электробустар сатылып алынганын жана Таласта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филиалы үчүн жаңы корпус салынганын билдирди.

"Бул иш-аракеттердин баары өлкөбүздү, анын аймактарын өнүктүрүүгө жасалган кадамдар. Өнүгүү – адам өзүнүн күнүмдүк жашоосунда оң өзгөрүүнү сезгенде гана чыныгы маанисине ээ болот", -деди президент.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбеков Би-Би-Сиге бүгүн өтүп жаткан иш-чарага байланыштуу пикирин билдирди:

"Эгемендик майрамын эстафета түрүндө ар бир аймакта өткөрүлө баштаганын мен кубаттайм. Анткени ошол эгемендик майрамынын макамы менен бир топ жылбай калган иштеп жылып, өнүкпөй аткан аймактар өнүгүп жатат. Былтыр Жалал-Абадда эгемендик белгиленип, жаңы жолдор, имараттар салынды эле. Эми азыр Таласга эбегейсиз чоң каражаттар каралып, биздин облустун борбору болуп көрбөгөндөй өзгөрдү", - деди Рыскелди Момбеков.

Ал эгемендик майрамы расмий кечирээк белгиленип жатканы тууралуу буларды билдирди:

"Бирок бир нерсеге ичим чыкпай турат. Анткени, эгемендик майрамын ошол эгемендик күнү белгилешибиз керек эле. 31-августта өтө турган эгемендик майрамын жылдырып койгонубузду мен туура эмес көрүп турам. Саммитти жылдырып койсо болбойт беле, эгемендик күнүн белгилөөнү жылдыргандан көрө? Ал эми Таласта болуп жаткан иштер, курулуп жаткан объектилер пикрим жакшы. Канча жылдан бери курулбай жаткан болчу. Облустагы жападан жалгыз университеттин имараты эски эле, азыр жаңысы салынды. "Манас-Ордого" буга чейин жылда эле жымсалдап жардам берип коюшчу эле. Азыр ал жерде атына, макамына жараша иштер жасалды. Бул мен көрүп турган чындык".

Талас, 11-сентябрь, 2026

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талас, 11-сентябрь, 2026

Серепчи Мирлан Балыбаев Талас облусунда соңку жылы ишке ашып жаткан реформалар көз сүйүнчүдөй болуп жатканын айтып, бирок аймакта көңүл бурчу жагдайлар дагы бар экенине токтолду:

"Мисалы, саламаттыкта сактоо тармагын алсак, ообаЮ жаңы ооруканеаларды салып койсо болот, жаңы жабдууларды алып келип койсо болот. Бирок коомдук саламаттык сактоодо эң башкысы - мыкты тейлөө да. Жеке менин өзүмдүн мисалымда, туугандарым кичине эле ооруса Бишкекке бармай. Жакшы дарыгер адистердин жетишсизди чоң маселе. Жаш адистер эки-ч жылдык келишимин иштеп берип коюп эле качат экен. Бардык профилдер боюнча дарыгерлер жетишсиз. Бишкекке барышат да, борборго да бул күч келтирет".

Миржан Балыбай Талас облусуна тийиштүү дагы бир маанилүү билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырды:

"Көп жылдан бери алтын сертификат алуу боюнча жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Талас эң арткы позицияларды ээлеп келет. Кайсы бир жылдары таластык бүтүрүчүүлөр такыр эле алтын сертификат албай калган учурлар болгон. Бул абдан ойлондура турган нерсе. Мен өзүм таластык болом, бирок жалаң эле спортчу, күрөшчүлөр менен эмес, билимдүү, жогорку квалификациялуу адистер менен дагы сыймыктангым келет эле. Бирок билим берүүнүн сапаты ушундай болуп атат, тилекке каршы".

Сандар сүйлөйт

Расмий маалыматтарга ылайык, Талас облусунда соңку жылдары социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалууда. 2020–2025-жылдары облустун ички дүң региондук продукциясы 17,9 млрд сомдон 54 млрд сомго чейин өскөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,9 млрд сомдон 51,3 млрд сомго, рыноктук кызмат көрсөтүүлөр 17,8 млрд сомдон 47,1 млрд сомго жеткен.

2026-жылдын январь-июль айларында облуста 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, негизги капиталга 41,8 млрд сом инвестиция салынган. Ошол эле мезгилде рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 18,8 млрд сомду түзгөн.

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Талас облусунда жалпы инвестициялык наркы 506,5 млн сом болгон беш өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Алардын эсебинен 225 жаңы жумуш ордун түзүү каралып жатат.

Президент бүгүн куттуктоо сөзүндо эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча бир күндө 105 социалдык объект ачылды.

Быйыл Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы Таласта белгиленип жатат. Былтыр майрам Жалал-Абадда белгиленген. Өлкө эгемендүүлүгүн 1991-жылы 31-августта жарыялаган. Маарекелик жылдын алкагында өлкө боюнча бир катар иш-чаралар өтүп жатат.