Коргоо министрлиги Кыргызстан Орусияга аскердик техника жөнөтүп жатат деген маалыматты төгүндөдү

Сүрөттүн булагы, Social
Кыргызстандын Коргоо министрлиги өлкөдөн Орусияга аскердик техника чыгарылып жатат деген маалыматты төгүндөдү.
Министрликтин билдирүүсүндө социалдык тармактарда тарап жаткан видео Кыргызстандын аймагында тартылган эмес деп айтылат.
"Тарап жаткан видео Кыргызстандын аймагында тартылган эмес. Тактап айтканда, кадрлардагы темир жол инфраструктурасы, анын ичинде электрлештирилген жолдор Кыргызстандын темир жол тармагына туура келбейт",- деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Коргоо министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды таратпоого жана жарыялоодон мурда маалыматты текшерүүгө чакырды.
Буга чейин социалдык тармактарда аскердик техникалар тартылган видео тараган. Аны бөлүшкөн айрым колдонуучулар Кыргызстан Орусияга аскердик техника жөнөтүп жатат деген пикирлерин жазышкан.
























