Путин менен Трамп сүйлөштү: Украинадагы согуш жана соңку чабуулдар

Владимир Путин 4-июлдан бери биринчи жолу Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттер 5–6-сентябрда Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин Москвага жана Киевге жасаган сапарларынын жыйынтыгын талкуулашты. Бул тууралуу Кремль билдирди.
Трамп "жаңжалды мүмкүн болушунча тез арада токтотуунун зарылдыгын" белгилеген. Ал "президенттик мөөнөтү учурунда бул маселеде бурулушка жетишүүгө" кызыкдар болуп жатканын Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Ушаковдун айтымында, Путин Трампка Украинадагы согуш талаасындагы кырдаалга баа берди. Сүйлөшүүдө президенттер кармалган жана соттолгон адамдарды алмашуу боюнча гуманитардык иштерди улантууну макулдашкан.
Шейшембиде, 8-сентябрда, Орусиянын соккуларынан Киевде беш адам каза болду. Чабуулдар Уиткофф менен Кушнердин сапарына байланыштуу үч күндүк тыныгуудан кийин кайра башталган. Киев облусунда да каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтар берилди.
Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, чабуулдардын негизги буталарынын арасында кампалар болгон. Ошондой эле "Мы - Украина" телеканалынын имараты да соккуга кабылды. Имарат жарым-жартылай талкаланып, өрт чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, беш адам жабыркады.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы кампаларга жана логистикалык борборлорго сокку урулганын ырастады.
Министрликтин билдирүүсүндө, шаршембиге караган түнү Орусиянын аскерлери "аскердик өнөр жай объектилерине, Украинанын деңиз портторуна жана кемелерине, ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында колдонулган логистикалык борборлорго" сокку урганы айтылат.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киевде экипажсыз катерлерди жана дрондорду чыгарган ишкананын кампасы талкаланганын билдирди. Ошондой эле Николаев шаарында жана Николаев облусунда беш логистикалык борборго, электр подстанциясына жана порттогу аскердик мүлк сакталган кампага сокку урулганын маалымдады.
Украин бийлиги Киевде Орусиянын дрону көп кабаттуу турак жайга тийип, беш адам, анын ичинде кош бойлуу аял жараат алганын тастыктады. Одесса облусунда Молдова менен чек арадагы өткөрмө бекетке жасалган соккудан эки адам каза болуп, дагы үч адам жабыркаганын жергиликтүү бийлик билдирди.
"Орусиянын күн сайын жасаган соккуларына биз натыйжалуу жана иш жүзүндө бардык багыттар боюнча жооп берип жатабыз", - деп жазды Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку соккулар тууралуу.
Соңку маалыматтар боюнча, 9-сентябрда Орусиянын аскерлери Харьков — Изюм багытындагы жүргүнчү поезддин арткы бөлүгүнө дрон менен сокку урган. Соккудан кийин өрт чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, алты адам жабыркаган.
"Укрзализныця" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Александр Перцовский поезд эвакуация үчүн токтотулганын жана жүргүнчүлөр менен кызматкерлерди коопсуз жерге чыгарууга жетишилгенин билдирди.
































