"Баланы бир апта аппарат менен кармап жаттык": Тогуз жашар баланын өлүмү

Бала

Сүрөттүн булагы, social

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Ойноп жүрүп токко урунуп, клиникалык өлүм абалында ооруканага түшкөн тогуз жашар бала каза болду. Бул маалыматты Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы туулган Ибрахим Анарбеков аталган ооруканага 26-июль күнү кечки саат 20:05те жеткирилген.

Оорукананын жетекчисинин орун басары Данияр Шайбековдун айтымында, бала ооруканага клиникалык өлүм абалында түшкөн.

"Ток урган бала бизге клиникалык өлүм абалында келди. Ошондон бери аппаратта жатты. Кечээ каза болуп калды. Гипоксия болуп, мээси шишип кеткен. Бир апта бою комада аппарат менен кармап турдук. Калган жагдайларды соттук-медициналык экспертиза аныктайт. Электр тогунан жабыркоо деген диагноз коюлган",- деди Шайбеков.

Тогуз жашар Ибрахим үйүнүн жанындагы аркта ойноп жатып, токко урунуп каза болгон. Ошол күнү окуяга күбө болгондордун бири, таттуулар дүкөнүнүн сатуучусу буларды айтып берди.

"26-июль күнү кечинде дүкөндө отурсам, кошуна бала кирип "эже, доктур эмес белеңиз?"-деп сурап калды. "Жок" десем эле "9 жаштагы бала сууга түшүп кетти",- деди. Артынан дагы бир келин келип "бала дем албай жатат",-деди. Дүкөндү жаап келип карасам, азыр биз турган жерде бала жатыптыр. Көпкөк болуп калган. Жанында баласы менен орус улутундагы бир киши туруптур. Дагы үч бала бар экен. Алар баланы суудан чыгара албай, ошол кишини жардамга чакырышкан экен. Тиги үч баланы да ток тартыптыр. Орус улутундагы киши келип баланы көтөрүп чыккан экен. Алып чыгып жатканда аны да ток уруптур. Анан дагы бир аял күйөөсү менен келип калды. Алар тез жардам чакырышты, бирок тез жардам келген жок. Ошол жердегилердин бири баланын моюнун кармап көрүп "пульсу жок",- деди. Анан алардын бири баланы унаасына салып, жакынкы ооруканага алып жөнөдү. Ошол учурда апасы да келип калды. Ошентип кетишти",-деди өзүн Элвира деп тааныштырган күбөлөрдүн бири.

Баланын токко кандайча урунганы азырынча так аныктала элек. Алдын ала маалымат боюнча тиешелүү кызматтар текшерүү иштерин жүргүзүп, иш тергелүүдө. Арыктын жээгинде жайгашкан объектилер, дүкөндөр текшерилип жатат.

"Биз окуянын жагдайын аныктоо үчүн кесипкөй адистерден турган көз карандысыз комиссия түзүлүшүн өтүп кат жолдойбуз. Анткени биздин борбордо да, коңшу имаратта да майыптыгы бар балдар тарбияланат. Алар да короодо ойношот. Бул жерде эмне болгонун так аныктоого биз өзгөчө кызыкдарбыз",- деди Ибрахим токко урунган арыктын жээгинде жайгашкан, "Оберег" реабилитациялык борборунун директору Ольга Жабраилова.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биз барган учурда окуя болгон жерге тергөө органдары жана Энергетика министрлигинин өкүлдөрү да келди.

"Биз дагы маалыматты интернет булактарынан алып келдик. Ошол боюнча иш алып барып жатабыз. Сөзсүз түрдө текшерүү болот. Толук текшерүүдөн кийин гана жыйынтыкты айта алабыз. Кабелдин изоляциясы канчалык деңгээлде жабыркаганы лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот. Учурда комиссия түзүлүп жатат, иликтөө жүргүзүлөт. Эгер укук бузуулар аныкталса, тиешелүү беренелердин негизинде чара көрүлөт. Азырынча кимдин кандай күнөөсү бар экени тууралуу айтууга эрте",- деди Энергетикалык көзөмөл кызматынын Бишкек боюнча башкы инспектору Кубанычбек Чыныбаев.

Ибрахимдин апасы буга чейин социалдык тармакка видео жарыялап, уулунун оор абалда жатканын айтып, бул окуя боюнча жоопкерчилик маселесин көтөргөн. Анын үйүнө барганыбызда эч кимди жолуктура алган жокпуз.

"Алар бул жакка жакында эле көчүп келишкен. Кырсыктын чоо жайын дыкат текшерүү керек. Абдан кейиштүү окуя. Апасына да оор болду. Ата-энесине көңүл айтабыз",- деди коңшусу.

"Апасы уулу менен жашачу. Ибрахимге короодогу балдар келип калчу, чогуу ойношчу. Өздөрү тынч үй-бүлө эле. Апасы жумушка кетип, кечинде келчү. Ибрахим да токтоо, тынч бала болчу",- деди кошуналарынын бири.

Дем алыш күндөрү баланын апасы социалдык тармактар аркылуу видео кайрылуу жасап, кырсык 26-июль күнү кечки саат 19:00дөр чамасында Бишкектеги 6-кичи райондо болгонун айткан.

Анын айтымында, уулу классташтары менен ойноп жүргөн учурда, арыктагы токко урунган. Ал ачык жерде электр тогу кандайча пайда болгонун жана бул үчүн ким жоопкерчилик аларын сурап кайрылды.

"Күркөнүн артында бетон арыктар бар. Адатта балдар ал жакка барышчу эмес. Бирок ошол күнү барышкан экен. Ток башка балдарды да урган. Бирок Ибрахим токтун күчтүү жерин басып алган окшойт. Биз ал арыкта ток бар экенин билген эмеспиз. Башка балдар качып чыгып, бири-бирин "бул жерде ток бар экен" деп эскерткенге жетишкен. Бирок менин балам чыга албай калган. Азыр балам комада, абалы оор. Дарыгерлер мээси катуу жабыркаганын айтып жатышат. Мен муну жөн эле таштап коё албайм. Кечээ эле дени сак жүргөн балам бүгүн ушундай абалда жатат. Дарыгерлер колдон келгендин баарын жасап жатышат. Бул үчүн ким жооп берет? Ал арык азыр деле ачык турат. Аны текшерүү керек. Балким, электр зымы туура эмес өткөндүр. Балдар муну кайдан билмек эле? Балким, ал жер тосулушу керек беле. Мындай кырсык башка эч кимдин башына түшпөсүн деп каалайм",- деген ал.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бишкек мэриясы окуя болгон жерден өткөн электр зымдары "Бишкек жарык" ишканасына тиешеси жок экенин маалымдап, алар Улуттук электр тармактары компаниясынын жоопкерчилигинде экенин билдирди.