Рубионун Өзбекстанга сапары: көңүл чордонунда соода байланыштары жана стратегиялык минералдар

2025-жылы Марко Рубио Вашингтондо Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлерин кабыл алган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2025-жылы Марко Рубио Вашингтондо Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлерин кабыл алган
Published
Окуу убактысы: 6 мүнөт

17-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Борбордук Азия чөлкөмүндөгү бардык беш мамлекеттин тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Өзбекстанга келет. Бул сапар Орусия менен Кытайдын таасири күчтүү чөлкөмгө Вашингтондун да экономикалык жана стратегиялык кызыгуусу бар экенин көрсөтүүдө.

Вашингтондун Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серхио Гордун маалыматына ылайык, Рубио Самаркандга 100дөн ашык америкалык компаниянын өкүлдөрү менен келет деп күтүлүүдө. Рубио бул сапарды "тарыхый" деп мүнөздөдү.

Министрлердин деңгээлиндеги жолугушуу "С5+1" форматында өтүп, ага АКШнын, ошондой эле Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышат.

Расмий күн тартибинде чөлкөмдөгү экономикалык интеграция, энергетикалык коопсуздук, соода, жеке инвестициялар жана экономикалык модернизациялоо маселелери бар.

Анткен менен АКШдан келаткан ишкерлердин делегациясынын масштабына карай турган болсок, бул сапар дипломатияга гана байланыштуу болбойт деп болжолдоого мүмкүндүк берет.

Бул сапар президент Дональд Трамп Вашингтондо биринчи "С5+1" саммитинде Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлерин кабыл алгандан бир жылдан соң өтүп жатат.

Ошол жолугушууда миллиарддаган долларлык коммерциялык келишимдер түзүлүп, ал эми маанилүү минералдык ресурстар, инфраструктура жана инвестициялар АКШнын Борбордук Азия өлкөлөрү менен мамилелеринин борбордук элементине айланган.

Ошондо Рубио 2026-жылы бул чөлкөмгө баруу ниети бар экенин айткан болчу.

Дипломатиялык форумдан экономикалык платформага

2025-жылдын ноябрь айында “С5+1” форматында өткөн саммит соода байланыштарына арналган болчу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2025-жылдын ноябрь айында "С5+1" форматында өткөн саммит соода байланыштарына арналган болчу
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"С5+1" форматы АКШнын Борбордук Азиянын беш республикасы менен өз ара аракеттенүү механизми катары 2015-жылы түзүлгөн. Бул форматтын алкагында министрлердин деңгээлиндеги биринчи жыйын ошол эле жылы Самаркандда өткөн.

Ошондон бери бул формат бара-бара салттуу дипломатиянын алкагынан чыкты.

"С5+1" өлкөлөрүнүн президенттеринин биринчи саммити 2023-жылы Нью-Йоркто Жо Байдендин төрагалыгы астында өткөн. Эки жылдан кийин чөлкөмдөгү беш өлкөнүн президенттери Вашингтондо Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Алар бул жолугушууну Борбордук Азия менен АКШнын ортосундагы мамилелерде "жаңы доор" деп аташкан.

Трамптын тушунда Вашингтондун Борбордук Азия менен мамилесинде ишкердик жана экономикалык кызыкчылыктарга көбүрөөк көңүл бурулуп жатат.

2025-жылдын ноябрь айында өткөн саммитте да соода байланыштарына басым жасалган. АКШнын администрациясы маанилүү минералдык ресурстардын жана башка стратегиялык тармактардын келечегин баса белгилеген, ал эми Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү америкалык инвестицияларды жана технологияларды тартууга умтулушкан эле.

Ошондо Трамп Өзбекстан менен 35 миллиард долларга бааланган долбоорлорду камтыган үч жылдык экономикалык кызматташтык программасын жарыялаган.

Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов жакында эле Ташкент 7 миллиард долларга жакын долбоорлор ишке ашырылып жатканын, бул 35 миллиард долларды түзгөн долбоорлордун жалпы портфелинин бештен бир бөлүгүн түзөрүн билдирди. Бул тууралуу UzDaily.uz жаңылыктар сайты кабарлады.

Мамилелер барган сайын саясий диалогго гана эмес, ошону менен бирге инвестицияларга, жеткирүү чынжырчаларына жана рынокторго жеткиликтүүлүккө негизделип жатат.

Мындай жылыш Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн АКШга карата мамилесиндеги жалпы өзгөрүүлөрдү да чагылдырууда. Борбордук Азия боюнча адис Темур Умаров 2025-жылдын ноябрында Карнеги фонду үчүн жазган аналитикалык макаласында чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрү "Вашингтондун жаңы күн тартибине кыйла жигердүү ыңгайлаша баштаганын" белгилеген.

Эмне үчүн Өзбекстан?

Гор жана Мирзиёева жаңы түзүлгөн АКШ менен Өзбекстандын Бизнес жана инвестициялар кеңешинин тең төрагалары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гор жана Мирзиёева жаңы түзүлгөн АКШ менен Өзбекстандын Бизнес жана инвестициялар кеңешинин тең төрагалары

Өзбекстан – Борбордук Азиядагы калкы эң жыш жайгашкан өлкө, ал регионалдык транспорттук тармактарда негизги орунду ээлейт.

Президент Шавкат Мирзиёевдин тушунда Ташкент Орусия, Кытай жана башка ири мамлекеттер менен тыгыз мамилелерди сактап калып, ошол эле маалда экономиканы чет элдик инвестициялар үчүн ачык кылуу саясатын жүргүзүүдө.

Өлкөнүн АКШ менен экономикалык байланыштары да кеңейди. АКШнын Соода өкүлүнүн башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2025-жылы эки өлкөнүн ортосунда товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн соодасынын көлөмү болжол менен 1,7 миллиард долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 67,6 пайызга көбөйгөн.

Бирок бул көрсөткүч Өзбекстандын Кытай жана Орусия менен масштабы кыйла кенен экономикалык байланыштарына салыштырмалуу анчалык деле чоң эмес.

"Олуттуу инвестициялык дарамет тууралуу айтылып келген көптөгөн сөздөргө карабастан, Кошмо Штаттар Борбордук Азияда бир дагы ири долбоорду ишке киргизе элек. АКШнын долбоорлору "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагындагы кытай инвестициялары же Орусиянын Казакстан менен Өзбекстанда атомдук электр станцияларын куруу пландары менен тең тайлаша албайт", - деди Умаров.

Ошентип, 100дөн ашык америкалык компаниянын келүүсү жөнгө салынып келаткан соода мамилелерине караганда масштабдуу пландардан көбүрөөк кабар берүүдө.

Экономикалык мамилелер 2025-жылдын ноябрь айында АКШ менен Өзбекстандын Бизнес жана инвестициялар кеңеши расмий түрдө түзүлгөндөн кийин жаңы институционалдык түзүмгө ээ болду. Кеңештин биринчи жыйыны ушул жылдын февраль айында Ташкентте өтүп, ал эми апрелде Вашингтондо расмий ачылышы болгон.

Кеңешти Өзбекстан тараптан президент Мирзиёевдин тун кызы жана анын администрациясынын башчысы Саида Мирзиёева, ал эми АКШ тараптан Сержио Гор жетектейт, бул болсо аларга өнүгүп келаткан экономикалык мамилелерде негизги ролду камсыз кылмакчы.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, 2025-жылы Мирзиёеванын командасына кайтып келген Комил Алламжонов Кеңеште өзбек тараптын атайын өкүлү болуп дайындалган.

Кеңеш америкалык компаниялар менен Өзбекстандын инвестициялык долбоорлорунун ортосунда байланышты жолго салуу, ошондой эле коммерциялык кызматташтыкты координациялоого көмөктөшүү багытында иш алып барат.

Июнда АКШнын Эксим банкы жана Эл аралык өнүгүүнү каржылоо корпорациясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө инфраструктура, стратегиялык минералдык ресурстар, энергетика, жасалма интеллект жана санариптик долбоорлор сыяктуу темалар, анын ичинде аэропортторго, дайындарды иштетүү борборлоруна жана портторго тиешелүү пландар козголгон.

Минералдар жана дагы башкалар

Өзбекстан менен АКШнын президенттери 2025-жылдын ноябрындагы жолугушуудан бери жакшы мамиледе
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстан менен АКШнын президенттери 2025-жылдын ноябрындагы жолугушуудан бери жакшы мамиледе

Акыркы жылдары стратегиялык жактан маанилүү минералдар Өзбекстан менен АКШнын ортосундагы мамилелердин өзөктүк бөлүгүнө айланды.

2024-жылы Вашингтон менен Ташкент маанилүү минералдарды жеткирүү чынжырчаларын бөлүштүрүүгө жана Өзбекстандын тоо-кен тармагына инвестицияларды тартууга багытталган макулдашууга кол коюшкан.

Трамп менен Мирзиёевдин 2025-жылдын ноябрь айында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки өлкө бул чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтип, биргелешип казып жаткан пайдалуу кендерге жетүүдө АКШга артыкчылык берүүнү жана биргелешип түзүлгөн маанилүү минералдардын карталары боюнча маалыматтарды алмашып турууну макулдашкан. Макулдашуулардын алкагында ошондой эле маанилүү минералдарды жана сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүү чынжырчаларын бекемдөө максатында 400 миллион долларга чейинки көлөмдө инвестициялар каралган.

Бирок, Өзбекстан үчүн негизги суроо бар: АКШнын стратегиялык чийки затка болгон кызыгуусу ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө жана чийки затты жөн эле казып албастан, кошумча наркы кыйла жогору болгон чийки затты кайра иштетүүгө көмөктөшө алабы?

Өзбекстандык журналист Анора Содик 23-августта UzDiplomat.uz жеке жаңылыктар сайтына чыккан макалада өлкөнүн аймагында пайдалуу кендерди кайра иштеткен учурда америкалык инвестициялар көбүрөөк пайда алып келет деген пикирин билдирди. "Эгерде америкалык инвестициялар Өзбекстанда пайдалуу кендерди кайра иштетүүгө, даяр өнүмдү чыгарууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жана жогорку квалификациялуу адистер үчүн жумуш орундарын түзүүгө багытталса, анда мындай кызматташтыктын баалуулугу алда канча жогору болот", - деп жазды журналист.

Ал арада маанилүү минералдар – бул кулачын жайып бараткан мамилелердин бир бөлүгү гана.

Өзбекстан менен АКШ энергетика, авиация, транспорттук инфраструктура, санариптик кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы, финансы жана технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жакында эле америкалык финансылык мекемелер жана компаниялар, анын ичинде Boeing жана BlackRock ыктымалдуу долбоорлорду талкуулоого катышкан эле.

Транспорт Өзбекстан үчүн өзгөчө мааниге ээ, себеби Өзбекстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок.

АКШ Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын же "Орто коридорду" өнүктүрүүнү колдоду. Бул Өзбекстанга Каспий деңизи жана Түштүк Кавказ аркылуу Европанын рынокторуна кеңири чыгуу мүмкүнчүлүгүн бере алмак.

Борбордук Азия боюнча Эл аралык институттун директору, өзбекстандык серепчи Жавлон Вахабов "Орто коридорду" Өзбекстан үчүн транспортко кеткен чыгымдарды азайтуунун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун жолу катары мүнөздөдү.

Ошол эле учурда Вахабов паромдук каттамды, порттук жана бажы инфраструктурасын, санариптик логистиканы өнүктүрүүнүн, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде АКШ менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Кытай же Америка" эмес

Жергиликтүү байкоочулардын баамында, Борбордук Азиянын АКШ менен мамилесинин оңоло баштаганын чөлкөм салттуу союздаштары – Орусия менен Кытайдын ордуна Вашингтондун пайдасына тандоо жасады деп түшүнбөш керек.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү көптөн бери бир нече атаандаш державалар менен мамилелерди түзүп, көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп келишет.

Кытай мурдагыдай эле маанилүү экономикалык өнөктөш бойдон кала берүүдө, ал эми Орусия чөлкөм менен экономикалык, транспорттук жана эмгек тармактарында кеңири байланыштарды сактап келатат.

Анора Содик америкалык капиталдын жана технологиялардын агымы Ташкентке өзүнүн экономикалык өнөктөштөрүнүн чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи. "Өзбекстан Кытай же Орусия менен кызматташуудан баш тартпашы керек. Тескерисинче, өлкөнүн инвестициялар булактары, рыноктору жана транспорттук каттамдары канчалык көп болсо, анын тышкы саясат жаатында өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук жогору болот", - деп белгиледи журналист.

"Ушундан улам Вашингтон менен байланышты бекемдөөнү "Кытай менен Американын" ортосунда тандоого айландыруу өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбейт", - деп кошумчалады ал.

Казакстандын Дипломатия институтунун профессору Манарбек Кабазиев да АКШ менен тыгыз кызматташуу башка өнөктөштөрдөн баш тартуу дегенди билдирбей турганын белгиледи. "Тескерисинче, АКШ менен байланыштарды кеңейтүү менен Казакстан көз карандысыз жана тең салмактуу тышкы саясатты жүргүзүү жөндөмүн бекемдей алат", - деди ал 27-августта "Казиформ" мамлекеттик маалымат агенттигине. (ZMa)