You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Согуштарды токтотууга чакыруу, экологияны коргоо...". "Ысык-Көл" форумунда сунушталган резолюция эмнелерди камтыйт?
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Ысык-Көл" форумунда дүйнөдө геосаясий чыңалуу күчөп жаткан чакта адамзат туш болуп жаткан чакырыктар талкууланып, анын натыйжасында иштелип чыккан резолюция талкууланып жатат.
18-21-июнь күндөрү Кыргызстанда залкар жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматов кырк жыл мурун негиздеген "Ысык-Көл" форуму өтүүдө.
Анын катышуучулары азыркы дүйнө куралдуу кагылышуулар, климаттын өзгөрүшү жана социалдык теңсиздик өңдүү көп факторлуу кризиске кептелгенин, ал эми салттуу эл аралык жөнгө салуу механизмдери алсыздык кылып жатканын белгилешти.
Жыйынтыгында форум төмөнкүдөй токтомдорду кабыл алды:
- Глобалдык гуманизмдин, толеранттуулуктун жана жамааттык диалогдун стратегиясын иштеп чыгуу үчүн Ысык-Көл форумунун тарыхый тажрыйбасына жана Чыңгыз Айтматовдун руханий мурасына кайрылуу;
- Айтматовдун жакшылык кылуу жана руханий экология жөнүндөгү идеяларына негизделген «Ааламдык асылдык» принцибин сунуштоо жана аны улуттук жана аймактык өнүгүү стратегияларына интеграциялоо;
- Мамлекет башчыларын согуштарды токтотууга жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөр жана конструктивдүү диалог аркылуу чечүүгө чакыруу;
- Эл аралык жана жергиликтүү коомчулукту жаратылышты коргоого, айлана-чөйрөнү сактоого, өзгөчө тоо экосистемаларын, мөңгүлөрдү жана Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоо боюнча аракеттерди күчөтүүгө үндөө;
- Ысык-Көл форумуна эл аралык статус берүү, аны ядросуз жана коопсуз дүйнөнү жайылтуу боюнча өнөктөштөрдүн тизмесине киргизүү үчүн БУУга кайрылуу;
- Форумдун ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында төрт жылда бир ирет Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү;
- Ысык-Көл эл аралык форумунун коомдук башталышта иш алып барган Туруктуу координациялык кеңешин (Катчылыгын) Бишкек шаарында түзүү;
- ЮНЕСКОго гуманизм, жазуучунун чыгармачылыгы жана жергиликтүү жана глобалдык деңгээлдеги кайрымдуулук жөнүндөгү заманбап басылмалар чагылдырылган «Ысык-Көл форуму» онлайн-альманахын түзүүнү колдоого алууну сунуштоо;
- Планетардык гуманизм, экология жана маданий өзгөчөлүктү сактоо темаларын иштеп чыккан жаш изилдөөчүлөр үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык стипендия уюштуруу демилгесин көтөрүү;
- Ушул резолюцияда көрсөтүлгөн сунуштар менен демилгелерди колдоо максатында абройлуу эл аралык уюмдарга жөнөтүү.
Форумдун катышуучулары адамзаттын алдындагы эң чоң коркунуч жалгыз гана институттук кризис эмес, баалуулуктардын нарксызданышы экенин эскертишти. Резолюцияда гуманисттик негиздердин алсырашы адамды азыркы замандын маңкуртуна же жөн гана керектөө объектисине айлантып жатканы, тарыхый-маданий эстутумдун жоголушу коомдун туруктуулугуна олуттуу коркунуч туудурганы кошумчаланды.
"Дүйнө цивилизациялык бурулуш жолдо: келечекке бирге" урааны астында өтүп жаткан иш-чарага он жети мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан жүздөгөн өкүлдөр, анын ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаттары, белгилүү окумуштуулар, жазуучулар жана дипломаттар чогулду. Алар ири державалар ортосунда тиреш күчөп жаткан шартта адамзат туш болгон чакырыктарды талкуулашты.