Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына киришти

Байсалов

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

7-май күнү Блэр Хауста Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов АКШнын протокол кызматынын башчысы Моника Кроулиге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кошмо штаттардагы элчилиги билдирди.

Ошону менен Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси катары өз милдетин аткарууга расмий киришти.

Быйыл 9-апрелде президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эдил Байсалов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган эле. Ага чейин ал өкмөттүн социалдык блогун караган вице-премьер болчу.

Өкмөттүн курамында иштеп турганда Байсалов өкмөттүн позициясын активдүү коргоп келди. Жогорку Кенеште бир нече жолу эл өкүлдөрү менен кайым айтышып, анын дарегине парламенттин айрым депутаттары сын айткан учурлар болду.

2023-жылы парламентте Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүү боюнча маселени күн тартибине киргизүү да сунушталган. Анда ал бир-эки депутатка эмес, жалпы парламенттин аброюна шек келтирип жатканы сындалып, эки бийлик бутагынын ортосуна ажырым салып жатканы да айтылган эле.

48 жаштагы Эдил Байсалов соңку 25 жылдан бери активдүү саясатчылардын бири. Ал саясатка укук коргоочу катары келип, буга чейин Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси да болгон, 2021-жылдан бери вице-премьерлик кызматты ээлеп келди.