You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Шаирбек Ташиев 16-июлга чейин камакта калтырылды
Мурдагы депутат Шаирбек Ташиев 16-июлга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 15-майында Биринчи май райондук соту ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.
Шаирбек Ташиев "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемаларга катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Ички иштер министрлиги буга чейин "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунда ири коррупциялык схема аныкталганын билдирип, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев шектүү катары 1-апрелде кармалган.
Тергөөдө нефти ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган.
Алдын ала эсеп боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 4,1 миллиард сомдон аша турганы мүмкүн экени айтылган.