You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Эки кызы бар эле". Москвада киши колдуу болду делген келиндин ишин ТИМ өз көзөмөлүнө алды
Москвада киши колдуу болуп өлтүрүлдү делген 33 жаштагы Айгеримдин сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу маркумдун жакын таанышымын деген Орусиядагы кыргызстандык мигрант Би-Би-Сиге билдирди. Аты жөнүнүн атабоону өтүнгөн жаран үрөй учурган окуя тууралуу буларды айтып берди:
"Айгерим бул жакта иштеп жаткан. Майрамга карата үч күндүк эс алуу болгондо телефон чалууларды албай калыптыр. Эс алып жаткан го деп туугандары көп деле маани беришпептир. Бирок иш күнү башталганда жумушка чыкпаптыр. Ошондо издей башташты. Айгерим Кара-Кулжадан болот. Эки кызы бар эле. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Андан кийин турмушка чыккан эмес. Иштеп эле жүрчү".
Күн мурун орусиялык басылмалар Москвадагы Люблинская көчөсүндөгү батирлердин биринен туугандары бир жумадан ашык убакыттан бери издеп жаткан Кыргызстандын 33 жаштагы жаранынын сөөгү табылганын жазган. Аялдын сөөгү дивандын ич кийим салуучу бөлүгүнө жашырылып, полиэтилен баштыктарга оролуп, скотч менен таңылган абалда болгону белгиленген.
Маалыматка караганда, Айгерим байланышка чыкпай калгандан кийин туугандары аны издей башташкан. Аял акыркы жолу 8-май күнү кечки саат 20:00дөр чамасында "Марьино" метро станциясынын жанында байкалган. Болжол менен бир сааттан кийин видеокөзөмөл камералары анын өзү жашаган үйдүн подъездине кирип бара жатканын тартып калган. Андан кийин аны эч ким көргөн эмес.
"12-май күнү дайынсыз жоголгон аялдын эжеси батирге келген. Үйдө батирде жашаган 31 жаштагы Кыргызстандын жараны болгон. Эжеси батирди сыртынан карап чыгып, шектүү эч нерсе байкабастан кетип калган. Ал эми 18-май күнү жакындары кайра келип, батирди кылдат текшерүү учурунда аялдын сөөгүн табышкан. Сөөк бөлмөлөрдүн бириндеги дивандын ичинде болгон", - деп жазган басылма.
Басылма билдиргендей, каза болгон аялдын моюнунда бычактин изи жана коргонуунун белгилери болгон.
Маркум Орусияда батирде турган, ал үйдө башка адамдар да жашаган.
Батирде жашаган эркектердин бири кармалган. Ал эми 30 жаштагы Кыргызстандын экинчи жараны 11–12-май күндөрү батирден чыгып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Казакстанга кетиши мүмкүн.
Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда аялдын өлүмүнүн бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Бул арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында министрликтин тапшырмасы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулу ыкчам түрдө Орусиянын Москва шаары боюнча Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына жөнөп кеткенин кабарлады. Министрлик бул маселе өзгөчө көзөлдө турганын баса белгиледи.