АКШ менен Иран тынчтык келишимине жетишилгенин жарыялашты

lk;l

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Пакистан АКШ менен Ирандын ортосунда келишим түзүлгөнүн, ошондой эле аймакта, анын ичинде Ливанда ок атышуу токтотулганын жарыялады. Трамп буга улай Ормуз кысыгындагы каттамдар жанданганын жана Иранга карата деңиз блокадасы токтотулганын билдирди. Тегеран да муну ырастады. Ошону менен бирге, келишимдин так чоо-жайы азырынча белгисиз бойдон калууда.

"Интенсивдүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөнүн жарыялап жактаныбыз үчүн кубанычтабыз. Эки тарап тең бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда аскердик аракеттер токтоосуз жана биротоло токтотулганын жарыялашты", - деп жазды X социалдык тармагына Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф.

Анын айтымында, келишимге кол коюунун расмий аземи жума күнү, 19-июнда Швейцарияда өтөт.

АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болгон Пакистан Вашингтон менен Тегеранга, ошондой эле келишимге жетишүүгө салым кошкон Катар, Сауд Арабиясы жана Түркияга ыраазычылык билдирди.

"Эми келишимге жетишилгенден кийин, ортомчулар ушул аптада бир катар жолугушууларды уюштурушат. Келишимди ишке ашыруунун алдындагы бул талкуулар техникалык сүйлөшүүлөргө жана расмий кол коюу аземине негиз түзөт", - деп кошумчалады Шариф.

Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында "Иран менен келишим аягына чыкты" деп жазды.

"Баарыңыздарды куттуктайм! Мен Ормуз кысыгын бажы төлөмсүз ачууга уруксат берем жана ошол эле учурда АКШнын Куралдуу күчтөрү тарабынан деңиз блокадасын токтоосуз алууга буйрук берем. Дүйнөнүн бардык кемелери, кыймылдаткычтарды иштеткиле. Мунай ага берсин!" - деп кошумчалады ал.

Кийинчерээк журналисттер менен болгон маегинде Трамп Ормуз кысыгы Иран менен келишимге кол коюлгандан кийин ачыларын тактады.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади мамлекеттик телекөрсөтүүгө берген телефондук маегинде АКШ менен келишим иштелип чыкканын жана ага расмий түрдө жума күнү Швейцарияда кол коюларын ырастады.

"Бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда аскердик аракеттер токтоосуз жана биротоло токтотулганы жарыяланды", — деди ал.

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Женевадагы аземге катышууну пландап жатканын билдирди, бирок ал жакка президент Дональд Трамп өзү да барышы мүмкүн экенин белгиледи.

"Мен албетте ал жакта болууну пландап жатам, бирок президенттин өзүнүн да ал жакка барышы мүмкүн", - деди Вэнс Fox News каналына берген интервьюсунда.

Трамп ушул жумада дүйшөмбүдө Францияда ачылып, шаршембиге чейин созула турган "Чоң жетиликтин" саммитине катышат. Андан кийин, маалымдалгандай, анын Парижде француз лидери Эммануэл Макрон менен жолугушуусу пландалган болчу.