Украина-Орусия: Соңку чабуулдар 14 адамдын өмүрүн жалмады

Сүрөттүн булагы, EPA/
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Орусия Украинанын дем алыш күндөрдөгү чабуулунан кеминде жети киши каза тапканын билдирди. Расмий жетекчилер бул соккуларды Киевдин 2026-жылдагы эң ири чабуулу деп сыпатташты. Орусиянын Украинадагы чабуулдарында да бир нече кишинин өмүрү кыйылды.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьёвдун айтымында, чабуулда 822дей дрон колдонулган, алардын алты жүзү орус баш калаасын бутага алган. Воробьёв Москва «акыркы убактагы эң масштабдуу дрон чабуулдарынын бирине» кабылганын айтты. Маалыматка ылайык, Москва облусундагы дрон чабуулунан 83 жаштагы эркек кишинин өмүрү кыйылды.
Орусиянын түштүк-батышындагы Ростов облусунда түнкү соккулардан беш адам каза болгонун аймактын губернатору билдирди.
Украина менен чектеш Белгород облусунун расмий өкүлдөрү жүргүнчү ташыган автобуска сокку урулгандан кийин бир аял каза болгонун маалымдады.
Орусиянын Украинага жасаган чабуулдарынан да кеминде жети адам каза таап, 39дан ашууну жаракат алды.
Акыркы апталарда Орусия Украинанын ар кыл облустарын бутага алган ракеталык чабуулдарын күчөттү. Киев да Орусиянын аймагындагы алыскы буталарга дрон менен мурдагыдан көбүрөөк сокку уруп жатат.
Дем алышта Москванын борбордук бөлүгүнөн 25 чакырым алыстыктагы Колединодо жайгашкан Wildberries компаниясынын кампасына да сокку урулуп, үч адам жаракат алганын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдирди. Видеолордон кампада өрт чыгып, асманга калың түтүн көтөрүлгөнүн көрүүгө болот.
Орусияда Amazon'дун аналогу катары белгилүү Wildberries июль айынан бери бир нече жолу бутага алынды. Киев орусиялыктар аскердик жабдууларды сатып алуу үчүн колдонгон логистикалык борборлорду бутага алып жатканын, Орусиянын армиясына мындай жабдуулардын жөнөтүлүшүн үзгүлтүккө учуратууну көздөй турганын билдирген.
Украинанын Коргоо министрлиги соңку чабуулдан кийин Wildberries компаниясынын эң ири он логистикалык борборунун жетөө «иштен чыгарылганын» кабарлады.
Согушуп жаткан эки тарап тең бири-бирин жайкын тургундарды бутага алууда деп айыптап келет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украинанын Запорожье облусунда жеке турак үйгө алыстан башкарылуучу авиабомба тийгенден кийин 66 жаштагы эркек жана 64 жаштагы аял каза болгонун расмий өкүлдөр билдиришти.
Днепропетровск облусундагы Кривой Рог шаарында дагы эки адам каза болду.
Сумы, Донецк жана Херсон облустарынын расмий өкүлдөрү да ар бир аймакта бирден адам каза болгонун маалымдашты.
Киевде түн ичинде Орусиянын аба чабуулу тууралуу төрт жолу эскертүү берилди. Шаар мэри Виталий Кличконун айтымында, соңку соккулардан кеминде алты адам, анын ичинде бир бала жаракат алган.
Орус тарап болсо ишембинин түнүндө Киевге жасаган чабуулдарында Украинанын Flamingo ракеталары үчүн тетиктерди чыгарган FirePoint ишканасы жана дрондор үчүн тетиктерди чыгарган завод бутага алынганын айтты.
Президент Владимир Зеленскийдин айтымында, өткөн аптада Украинанын 13 облусу чабуулга кабылды. Орусия бул чабуулдарда 1550дөн ашуун дрон, 1560ка жакын башкарылуучу авиабомба жана 62 ракета колдонгон.
«Орусиялыктардын баллистикалык ракеталары кайсы жерге жете алса, алар ошол жердеги жарандык инфраструктурага сокку урушат», — деди ал.
Украина бир нече жылдан бери Орусиянын баллистикалык ракеталарын атып түшүрүү үчүн АКШнын Patriot ракеталарына таянып келет.
Бирок АКШ Иран менен болгон согушунда өзүнүн запасындагы бул ракеталардын көбүн колдонуп, Киевге дагы кошумча ракета берүүнү каалабай турат.
Июль айынын башында АКШ президенти Дональд Трамп Украинага Patriot ракеталарын чыгарууга лицензия берилерин ишарат кылган. Трамп кийинчерээк АКШ «мындай технологияны берүүгө» макул болгонун четке каккан.
Согуш учурунда Украина Батыштагы өнөктөштөрүнүн жардамына таянуу менен катар жаңы технологияларды иштеп чыгууга да аргасыз болду. Орусиянын ичкери аймактарын бутага алган чабуулдарда Украинада чыгарылган дрондор колдонулуп жатат.
Украинанын мурдагы коргоо министри Михаил Федоров Би-Би-Синин АКШдагы өнөктөшү CBS News телеканалына билдиргендей, Украина үч айдан алты айга чейинки убакытта өлкөнүн өзүндө чыгарылган баллистикалык ракеталар менен Орусияга сокку уруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Орусия Украинадагы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган жана учурда Украинанын аймагынын болжол менен бештен бир бөлүгүн көзөмөлдөп турат.
Кургактыктагы салгылашуулардан эки тарап тең өтө чоң натыйжага жетише албаганы үчүн учурда согушта аба чабуулдарына басым жасалууда. Эксперттердин баамында, эки тарап тең бири-биринин согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууну максат кылып жатат.
































