"Артында үч баласы калды". Аксыда 34 жаштагы келин асынып алганы айтылды

noose

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Алмира Абидинова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 34 жаштагы келиндин асынып алгандыгы айтылды. Маркум Гүлзат Курманбекованын жакындары ал жолдошунун зомбулугунан улам каза болгонун айтып, тергөө акыйкат жүрүшүн талап кылууда. Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 9-августта катталган. Учурда тергөө иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

"Эжем ур-токмоктон улам каза болду"

Маркумдун бир тууган сиңдиси Нурзат Курманбекова окуя болор алдында эжеси менен телефондон сүйлөшкөнүн, ал өз өмүрүнө кол салганына ишенбей турганын айтты:

"Эжем ур-токмоктон улам каза болгон. Себеби денеси бүт көгала. Мойнунда, маңдайында, жонунда, бутунун оң жагында, сандарында көк издер бар. Беш манжасынын сырт тарабы тытылган. Эжем буга чейин да зомбулук көрүп жашап келген. Акыркы жолу урду деп айтканда, эжемдин денесиндеги көгаланы өз көзүм менен көргөм. Буга жездемдин башка аял менен болгон мамилеси себеп болгон. Эжем балдары үчүн гана чыдап жашаган. Мен канча жолу кетип калыңыз десем да көнбөдү. Балдарымды кыя албайм деп айтчу. Башкача жакшы көрөт эле балдарын. Эжем асына турган кыз эмес эле. Дайыма балдарымды элден кем кылбай чоңойтом деп жүрчү. Балдарын көп ойлочу. Эң чоңу 4-класска, ортончусу 3-класска көчтү, кичүү кызы беш жашта. Чүрөктөй болгон, өзүнө окшош кызы бар".

"Менин иним күчүк да өлтүрө албайт"

Ал эми маркум Гүлзат Курманбекованын кайнежеси Жайнагүл Атаканова иниси менен келини баш кошконуна он жылдан ашканын, жубайлар жакшы эле жашап келгенин айтты. Ал экинчи тараптын айыптоолорун бүт четке какты:

"Менин иним адам эмес, күчүк өлтүрө албайт. Бул экөө таарынышып, бирдеме болгон окшойт. Ошондон улам келиним ушундай жолго барып, өмүрүнө кол салды. Баарыбызды азапка салды. Эки тарап тең кан жутуп турабыз. Мен 200% кепилдик бере алам: инимдин келиниме колу тийген эмес. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, бирок уруптур деп жатышат. Жыйынтыкты күтүш керек. Мен инимден эгер колуң тийсе, ачык айт деп сурадым. Черткен эмесмин деди. Иним кандай болсо, ошого жараша мыйзам чегинде жооп берет. Бирок урган эмес. Мен сөөктү жууганга кирдим. Мойнунан өйдө көк болуп турат. Баштары да көк. Аны өздөрү деле билип турат да, асынгандан кийин ошондой болгонун. Жандын чыгышы оңойбу. Калган денесинде көгала жок. Жонунда табактын изиндей бир көк бар. Ал асынып турганда жерге түшүрүп жатканда көгөрүп калса керек, түшүргөндө ошол тарап менен жаткырып койгон окшойт. Ал ургандын көгү эмес. Кан уюп калган, жайылып, тоголок болуп, көк турат. Калган жагы таза".

Милиция учурда териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Июль айында да Аксы районунда 35 жаштагы Айчүрөк Өмүралиева аттуу келиндин асынып каза болгондугу айтылган. Бирок маркумдун жакындары анын өлүмүнө үй-бүлөлүк зомбулук себеп болгонун билдирип келет.

18-июль күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 24 жаштагы келиндин да асынып алгандыгы кабарланган.