Мамлекеттин жери чет элдиктерге сатылбайт — Садыр Жапаров Жер кодексиндеги өзгөрүүлөр тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип жаткан учуру

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип жаткан учуру
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Жер кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу түшүндүрмө берди.

Мамлекет башчысы чет өлкөлүк жарандарга жана компанияларга мамлекеттин жери менчикке берилбей турганын, алар белгилүү мөөнөткө ижара укугун гана ала аларын айтты. Анын айтымында, инвестициялык долбоорлор боюнча келишимдер катуу көзөмөлдөнүп, милдеттенмелер аткарылбаса, жер мамлекетке кайтарылат.

Президент бул маселени "жаңы мыйзам чыгып, эми жер чет элдиктерге берилип жатат" деп түшүндүрүү туура эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, чет элдик инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү механизми Кыргызстанда мурда эле колдонулуп келген.

Ошондой эле Садыр Жапаров чек арага жакын аймактардагы жана айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүк жарандарга берилбей турганын билдирди. Чет элдик инвестициялар негизинен өндүрүш, энергетика, туризм жана инфраструктуралык долбоорлорго багытталат.

Президент өлкөдө мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарга карата чаралар күчөтүлгөнүн да айтты. Анын маалыматына ылайык, акыркы айларда 3 миңге жакын чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгарылган, жакынкы убакта дагы 100гө чукул адам депортацияланат.

Жапаров коомчулукта чет өлкөлүк жарандардын жүрүм-турумуна байланыштуу айтылып жаткан сындар эске алынып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары эмгек миграциясынын көбөйүшүнө байланыштуу көзөмөл жана алдын алуу иштерин күчөтүүдө.

Президент Кыргызстанга иштөө үчүн келген чет өлкөлүк жарандар мыйзамды, коомдук тартипти жана өлкөнүн талаптарын сакташы керек экенин айтып, мыйзам бузгандарга улутуна карабай бирдей чара көрүлөрүн кошумчалады.

Анын айтымында, чет өлкөлүк жумушчулар Кыргызстанга туруктуу жашап калуу үчүн эмес, конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келишет. Долбоор аяктагандан кийин алар өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш.