Миңдеген борборазиялыктар Сирия жана Иракта согушууда

Published

Учурда Сирия жана Иракта өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун катарында миңдеген борборазиялыктар согушууда. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Өзбекстандын Жиззах облусунун тургуну Хуршид Мухторов билдирди.

Анын айтымында, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун катарындагылардын көпчүлүгүн өзбектер түзөт. 34 жаштагы Хуршид Мухторов мурдагы советтик республикалардан барып, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстемисттик уюмга кошулуп жаткан мусулмандардын саны артып баратканын кошумчалады.

Хуршид Мухторов Сирияга беш-алты ай мурда Түркия аркылуу өткөн.

Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун Кобани аймагындагы согушу учурунда Хуршид жаракат алган. Азыр ал Такка регионунда жашап жатканын айтат.

Хуршид Мухторов 2012-жылдын январында АКШнын Федералдык Чалгын Бюросу (ФБР) тарабынан кармалган Жамшид Мухторовдун иниси.

АКШнын коопсуздук кызматы 38 жаштагы Жамшид Мухторовду “Ислам Жихад Альянсын каржылаган жана террордук аракетке тиешеси бар” деп айыптоодо.

Ага 2007-жылы Бириккен улуттар уюму качкын деген макам берип, АКШнын Колорадо штатына жайгаштырышкан эле.

Жамшид Мухторовду тааныган өзбекстандыктар анын Кошмо Штаттардан башпаанек алганга чейин адам укуктарын коргоо багытында иштеген адам экенин айтышат.

АКШнын мамлекеттик департаментинин Өзбекстанда адам укуктары боюнча 2005-жылдагы докладында баяндалгандай, Жамшид Мухторовдун карындашы Дилдора Мухторова киши өлтүрүүгө шектелип, камакка алынган.

Жамшид Мухторов болсо камалганга чейин үй-бүлөсү менен Колорадо штатынын борбору Денвер шаарына жакын жердеги Аврора аймагында жашаган жана жүк машинесинин айдоочу болуп иштеген.

Жамшид Мухторов Өзбекстанда жүргөн мезгилинде спорт машыктыруучусу болгонун аны жакшы тааныгандар айтышат. Ал Өзбекстандын Жиззах шаарындагы спорт клубдарынын биринде киксбоксинг боюнча жаштарга сабак берген.