"Ордуң түрмөдө болот". Жапаров Ширшов мамлекеттин эсебинен байыса, соттолорун айтты

Ширшов насыя берди
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Алексей Ширшов Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 миллион долларды 10 жылга үстөк пайызсыз насыяга берди. Бул тууралуу Садыр Жапаров super.kg басылмасына курган маегинде билдирди.

"Акыркы жолу социалдык программа экен деп 10 күн мурда МИКке (Мамлекеттик ипотекалык компания) 100 миллион доллар он жылга, үстөк пайызы жок насыя берди. Бул акча Каржы министрлигине түшүп, ал акчалар Мамлекеттик ипотекалык компанияга которулду. МИКке мен бул 100 миллион доллардын 50 миллион долларын өлкөбүздүн түштүк аймагындагы, 50 миллион долларын түндүк аймагындагы ипотекалык турак-жайларды курууга бөлүп берүү боюнча тапшырма бердим", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров Ширшов мамлекеттик мекемелердин ишине кийлигишпей турганын, мурдагыдай айрым тетиктерди Энергетика министрлигине сата албастыгын, андай жолго барса, түрмөгө камаларын эскерткенин кошумчалады:

"Мен ага мындай дегем: "Силер 2005–2010-жылдары жакшы эле байыгансыңар. Эми мындан ары мамлекеттин байышына салым кошушуң керек. Эгер дагы деле баягы адатыңарды карматып, мамлекеттин эсебинен дагы да байыйм деп келген болсоң, анда жаңылышасың. Ордуң түрмө болот", - дегем. "Мен жардам гана берем" деп сөз берип кеткен. Менин иш бөлмөмдөн чыккандан кийин жер кучактап, көк чөптү жыттап, жатып алып ыйлаптыр. Кийин коштоп жүргөндөр айтып беришти".

Алексей Ширшов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге жакын адам катары белгилүү болгон. Анын ысымы энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар тууралуу талкууларда көп аталып, бул схемалар коомчулукта "Ширшовдун схемалары" деген ат менен тараган.

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Ширшов өлкөдөн чыгып кеткен. 2022-жылы камалып, көп өтпөй бошотулган.

Садыр Жапаров ал боюнча буга чейин да түшүндүрмө берген. Анда Алексей Ширшов Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдиргенин айткан.