Москвага 600дөн ашык дрон чабуулу жасалды, Олешкиде ок атышпоо режими сакталууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиянын Коргоо министрлиги өлкө аймактарында түн ичинде 1200дөн ашык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Бейшембиге караган түнү абадан коргонуу күчтөрү Украинанын 1214 учкучсуз аппаратын кармап жок кылганын Орусиянын Коргоо министрлиги эртең мененки билдирүүсүндө маалымдады. Ведомствонун маалыматына караганда, дрондор Орусиянын 20 аймагынын үстүнөн катталган.
Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин айтымында, өткөн түнү Москва аймагын көздөй 613 дрон учкан. Алардын басымдуу бөлүгү Москвага жете электе, алыс аралыкта зыянсыздандырылган. Ал эми 200дөн ашуун дрон Москвага жакын жерде атып түшүрүлгөн.
Чабуулдун кесепеттери тууралуу башка маалымат берилген жок. Бирок жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Стерлитамак шаарында бир ишкана жабыркаган. Шаар мэри кайсы ишкана жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган эмес. Ошол эле учурда украиналык жана орусиялык Telegram-каналдар "Башкырт сода" компаниясынын заводу жабыркаган болушу мүмкүн деп болжолдошууда.
Орусия менен Украинанын акыйкатчылары Олешки шаарында ок атышпоо режими бузулбаганын билдиришти
Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова жана анын украиналык кесиптеши Дмитрий Лубинец Херсон облусундагы Олешки шаарында ок атышпоо режими бузулбай сакталып жатканын билдиришти.
"Тараптар өздөрүнө алган милдеттенмелерин толук аткарып жатышат. Эч кандай мыйзам бузуу катталган жок", — деп жазды Лантратова социалдык тармактарга.
Лубинец жума күнү Олешкиге гуманитардык жардам жеткирүү пландалып жатканын кошумчалады.
Херсон облусундагы Олешки шаарынын айланасында убактылуу ок атышпоо режими 27-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00дө (Москва убактысы боюнча саат 04:00дө) башталган.
Мындай макулдашууга АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп менен Рим папасы Лев XIVтин ортомчулугу аркылуу жетишилген. Мелания Трамптын айтымында, Newsmax телеканалынын төрт америкалык журналисти Олешкиге жөнөп кеткен. Алар "көз карандысыз байкоочулар" катары иш алып барышат.
Ок атышпоо режими 1-ноябрь, жекшемби күнүнүн аягына чейин уланары күтүлүүдө.































