Депутаттар селден жабыркаган Гүлчөгө кошумча күч жөнөтүүнү сурашууда

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө шаарындагы селдин кесепеттери бүгүн 29-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланып, бир катар депутаттар аймакка кошумча күч жөнөтүүнү өтүнүштү.

"Жергиликтүү бийлик, ӨКМ өкүлдөрү болгон күч-аракеттерин жумшап жатышат. Бирок ал жетишсиз болуп жатат. Ошондуктан бул маселени Адыл Алешович өз көзөмөлүнө алып, ал жерге күчөтүлгөн тартипте кошумча акча- каражат, кошумча техника жөнөтүп, кырдаалды жөнгө салбаса болбойт. Себеби мектеп, бала бакча, үйлөрдү сел алып, кооптуу кырдаал түзүлүп калды", - деди Улан Примов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) ушул тапта Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатканын кабарлады.

Гүлчө шаарында 27-28-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 92 турак жайга (анын ичинде 17 жер төлөөгө, 71 короого жана 4 чарбалык курулушка) жана 2 мектепке суу кирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакка 74 кызматкер, 8 атайын техника жана 2 инженердик техника жөнөткөн.

Ошондой эле Алай райондук жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү тургундардын арасынан 388 адам, 27 техника жана 5 мотопомпа тазалоо жана калыбына келтирүү иштерине катышууда.

Селден улам Гүлчө шаарына кечээ 28-апрелде өзгөчө кырдаал режими киргизилген.