You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Биздин позиция эске алынган жок". ТИМ Евробиримдиктин санкциясы боюнча билдирүү жасады
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин Орусияга каршы киргизилген санкцияларынын 20-пакетине кыргызстандык компаниялардын кошулушуна байланыштуу расмий билдирүү таратып, бул чечимге "өкүнүчүн жана тынчсыздануусун" билдирди.
Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси акыркы убактарда европалык өнөктөштөрү менен санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча туруктуу байланышта болуп келгенин белгилейт.
"Ушуга байланыштуу, туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа Комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат", - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Министрлик ЕБдин бул чечими Борбордук Азия менен кызматташууну чыңдоо боюнча мурда жарыяланган пландарга карама-каршы келерин белгиледи.
Кыргызстан эл аралык укуктун нормаларын сактай турганын дагы бир жолу ырастап, "үчүнчү өлкөлөргө карата бир тараптуу чектөөлөрдү колдонуу тажрыйбасына" тынчсыздануусун билдирди.
Расмий Бишкек Европа Биримдиги менен саясатташтырылбаган диалогду жактаарын айтып, буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууга чакырды.
Европа Биримдиги өткөн жумада кабыл алынган санкциялардын 20-пакетинде санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмин биринчи жолу ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салды. Ошондой эле уюм Кыргызстандагы эки банкты, криптовалюталардын соодасына тиешеси бар ишкананы санкциялык тизмесине кошту. Евробиримдиктин кеңеши Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу мындай санкциялардын 20-пакетин 23-апрелде жактырды. Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн белгилеп, Батыш мамлекеттерин кош стандарттуулукка айыптап келет.
Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жактырган санкциялардын 20-пакети баш-аягы Орусиядагы жана башка бир катар өлкөлөрдөгү 33 адамды жана 83 мекемени "кара тизмеге" кошту.
Анын алкагында уюм биринчи жолу санкцияларды буйтап өтүүгө каршы механизмин ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салды. Еврошаркет буга чейин Орусиядан тышкары башка далай мамлекеттерде жайгашкан компанияларга, банктарга же жеке адамдарга санкция салып келсе, бул ирет уюм Украинадагы согушка байланыштуу биринчи жолу айрым товарларын үчүнчү өлкөгө экспорттоого тыюу салып жатат.
Еврокомиссия үчүнчү өлкөлөрдөгү экспортерлордун Евробиримдиктин санкциялык тизмедеги товарларын Орусияга ре-экспорт кылуу аракетин көз жаздымда калтырбай турганын билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 27-апрелде эл аралык санкциялар маселеси боюнча атайын жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда кыргызстандык компанияларды Батыштын "кара тизмесинен" чыгаруу жана экономикалык тобокелдиктерди азайтуу чаралары каралды.