"75чилердин иши": судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетти

df
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

"75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон чуулгандуу кылмыш иши боюнча сотто жарыш сөз аяктап, судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

2-июлдагы сот отурумунда адвокаттар жана жактоочулар жарыш сөз сүйлөштү. Адвокаттар коюлган айыптар далилсиз экенин белгилеп, соттон айыпталуучуларды актоону суранышканын журналисттерге айтышты.

Буга чейинки сот отурумунда прокурорлор сегиз айыпталуучунун ар бирин тогуз жылдан эркинен ажыратууну өтүнгөн эле.

УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган 8 кишиге "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелери боюнча айып тагылган.

2-июлда сот залына кирип баратып журналисттердин суроосуна жооп берген Нурланбек Тургунбек уулу: "Бул абсурд. Сабыр кылып туралы, көрөбүз. Аз эле калды го", - деп кыскача билдирди.

Жабык өтүп жаткан бул ишти судья Азирет Медеров карап жатат.

Кылмыш иши качан козголгон?

Бул кылмыш иши февралдын башында, 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги спикер Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштагандан кийин козголгон.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганын, ал эми өлкө учурда жаңы Башмыйзам менен иштеп жатканы укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.

ИИМ 9-февралда интернетте тараган бул маалыматтарга алгач беш кишини кармаган.

Милиция алардын «иш-аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келерин» жана «өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, бийлик органдарынын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталганын» билдирген.

Кармалгандардын жакындары жана адвокаттары коюлган айыптарды толугу менен четке кагып келишет.

Бул окуядан кийин, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Көп өтпөй Нурланбек Тургунбек уулу спикерлик кызматтан жана депутаттык мандатынан баш тарткан.