Жапаров Бөлтүрүк Кумтөрдүн "ашмалтайын" чыгарганын айтты

архив
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн айланасындгы суроолорго жооп берип, ал компанияны жетектеп турганда өзүнө ири маяна коюп, коррупциялык иштерге барып, кийин өлкө жетекчилигин 630 миллион доллар алып алды деп курулай доомат коюп жатканын айтты.

Мунун алдында президентке жергиликтүү тургундардын бири элди интернет аркылуу бөлүп-жарып жаткандарга чара көрүлөбү деп суроо узаткан.

"Мен башында Бөлтүрүктү кыйын адис деп алып келдим эле. Анын чекесинде ууру, кыйын деле адис эмес деп жазылбагандан кийин билбейт экенсиң да. Канада, Казакстанда чет өлкөлүк компанияларды башкарып жүрөт десе, мен ишенип, аны алып келген элем. Кийин ал Кумтөрдүн ашмалтайын чыгарып жиберди. Адегенде, жалган сөздөрүнө бир-эки мисал келтирейин. Биринчи, ал 650 миллион долларды Акылбек Жапаров менен Садыр Жапаров алып алды дейт. Эми 650 миң десе дагы окшошот го. Логиканы иштетип көргүлөчү. Мен "Центеррадан" 4-5 млрд долларлык "Кумтөр" компаниясын 100 пайыз тартып алып атсам, алар анан "силер алгыла" деп Акылбек экөөбүзгө акча берип коёбу? Кичине башты иштетиш керек да. Мен Бөлтүрүктүн көп кылыктарын айткан эмесмин. Жаңы иштеп турганда Акылбек Жапаров чакырыптыр, "бизге маалымат түшүп жатат, сен канча маяна аласың" десе, "жок, менин маянам жашыруун" деген имиш. Бөлтүрүк маянасынын көлөмүн айтпай жатат деп, Акылбек Үсөнбекович келди мага. Президент менен премьерден жашыра турган эмнеси бар экен дедим. "Билбейм" дейт. Анан Бөлтүрүктү чакырып, "маянаң канча десем", мага да ошентет, "ал жашыруун сыр" деп. Сенин президент менен премьерден жашыра турган эч нерсең жок, айт десем, "100 миң доллар" дейт. Кыргызстанда 100 миң доллар болбойт десем, "бул ири компания, канадалыктар деле 350 миң доллар алып жүрбөдү беле" дейт. Ай, сен Канадада эмес, Кыргызстанда иштеп жатасын, 10 миң доллар койсоң деле жетет дедим", - деди Садыр Жапаров.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу, коррупция боюнча соттолгон Теңгиз Бөлтүрүк Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жасап, Кумтөрдөгү кызматка расмий киришкенге чейин компаниядан 630 миллион доллар жоголгонун билдирген:

"630 миллион доллардын жоголушу: Мен кызматка киришерге бир ай калганда "Кумтөр Голд Компанинин" эсептеринен 630 миллион доллардай ири сумма кандайча жоголуп кеткенинин чоо-жайын жана хронологиясын ачыктоого даярмын".

Бөлтүрүк 2021-жылы "Кумтөр" Кыргызстанга өткөндөн кийин кенди убактылуу тышкы башкарууга келген. Бирок 2022-жылы Башкы прокуратура "Кумтөр" ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд сомдон ашык зыян келтирилгенин кабарлап, Теңгиз Бөлтүрүк баштаган бир катар кызматкерлерди камакка алган. Текшерүүдө күйүүчү май, тамак-аш жана тетиктер кымбат баада алынганы сыяктуу финансылык мыйзам бузуулар аныкталганы айтылган.