Геноцидге каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн Нави Пиллэйге Нобель сыйлыгы ыйгарылды

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
2026-жылдагы Нобелдин тынчтык сыйлыгы Түштүк Африка Республикасынан чыккан Наванетхем "Нави" Пиллэйге согуш кылмыштарына жана геноцидге каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн ыйгарылды. Пиллэй ар кайсы жылдары БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары жана Эл аралык кылмыш сотунун судьясы болуп иштеген.
"Адамзат үчүн олуттуу коркунучтар жаралган, дүйнөдө согуштар жана куралдуу жаңжалдар акыркы ондогон жылдардагыдан көп болуп жаткан азыркы доордо эл аралык укук тынчтыкты жана коопсуздукту сактоонун кошумча куралы гана эмес, абсолюттук зарылчылыкка айланды",- деп белгилешти Ослодогу Нобель институтунан.
"Быйылкы сыйлыктын лауреаты эл аралык укуктун колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүүгө жана анын таасирин күчөтүүгө олуттуу салым кошту. [...] Эл аралык деңгээлдеги тарыхый сот процесстерине катышуу менен Нави Пиллэй укуктук механизмдер согуштун жана зомбулуктун алдын алууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Ал ошондой эле эл аралык укуктун өнүгүшүнө салым кошту. Көз карандысыздыгынын, кесипкөйлүгүнүн жана принципиалдуулугунун аркасында Пиллэй азыркы замандын эң кадыр-барктуу эл аралык юристтеринин бирине айланды",- деп билдиришти Норвегиянын Нобель комитетинен.
Нави Пиллэй 1941-жылдын 23-сентябрында Түштүк Африка Республикасында туулган.
1967-жылы ал Натал провинциясында өзүнүн юридикалык кеңсесин ачкан алгачкы кара терилүү аял болгон. Кийинчерээк Нельсон Манделанын ишин жигердүү колдогон.
Юрист катары ал апартеидге каршы күрөшкөндөрдү коргоп, бийлик тарабынан кыйноолор колдонулган жана куугунтуктар жүргүзүлгөн учурларды ачыкка чыгарган.
Узакка созулган кесиптик карьерасында Нави Пиллэй Түштүк Африканын Жогорку сотунда, Руанда боюнча Эл аралык кылмыш трибуналында жана Эл аралык кылмыш сотунда судья болуп иштеген. Ошондой эле БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары кызматын аркалаган. Жакынкы убакка чейин Палестинанын оккупацияланган аймагындагы окуяларды иликтөө боюнча БУУнун Көз карандысыз эл аралык комиссиясын жетектеген.
Учурда Нави Пиллэй БУУнун Эл аралык сотунда судья катары Мьянма геноцид жасаган деп айыпталган ишти кароого катышууда.
Трамп дагы сыйлыксыз калды
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Быйыл дипломатия жана гуманитардык ишмердүүлүк жаатындагы эң абройлуу сыйлыкка 287 адам жана уюм көрсөтүлгөн.
Талапкерлердин ысымдары 50 жыл бою жашыруун сакталат. Ошондуктан бул тизмеде АКШнын президенти Дональд Трамптын аты болгон-болбогонун коомчулук дагы көпкө чейин биле албайт. Трамп бир нече жылдан бери бул сыйлыкты алууну күтүп жатканын жашырбай айтып келет.
АКШнын президенти сегиз согушту токтотконун жана тынчтык сыйлыгына башкаларга караганда көбүрөөк татыктуу экенин билдирип келет.
"Алардын аброю мага окшогондорго сыйлык бербеген адамдар деген пикирден улам жабыркашы мүмкүн. Менимче, бул алардын беделине олуттуу доо кетирмек",- деп билдирди Трамп шаршемби күнү. "Муну мен аларды жек көргөндүктөн айтып жаткан жокмун",- деп кошумчалады ал.
Маалымат булактарынын билдиришинче, Ослодо АКШнын президентин бул сыйлыкка татыктуу талапкер катары эсептешпейт. Буга анын Иранга каршы согуш баштаганы, Гренландияга карата аймактык дооматтары, мигранттарга карата катаал саясаты, ошондой эле көп тараптуу эл аралык кызматташтыкка жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы жасаган чабуулдары себеп болууда.
Ошол эле учурда Трамптын колунда Нобель комитетинин алтын медалы бар. Аны АКШнын президентине былтыркы тынчтык сыйлыгынын лауреаты, Венесуэланын оппозиция лидери Мария Корина Мачадо тапшырган.
Мачадо америкалык күчтөр Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармагандан кийин Трамп сыйлыкка татыктуу деп чечкен. Бирок ал бул кадамына карабастан, Ак үйдөн саясий колдоо ала алган эмес.
Нобелдин ар бир сыйлыгы дипломдон, алтын медалдан жана 1,2 миллион доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктан турат.
Буга чейин кимдер лауреат болгон?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Буга чейин Нобелдин тынчтык сыйлыгын АКШнын төрт президенти алган: Барак Обама - 2009-жылы, Жимми Картер - 2002-жылы, Вудро Вильсон - 1919-жылы жана Теодор Рузвельт - 1906-жылы.
Картерден башка үч президент сыйлыкты алган учурда кызматта турган. Обама инаугурациясынан сегиз ай өткөндөн кийин эле Тынчтык сыйлыгына татыган. Башкача айтканда, ал учурда Обама да азыркы Трамп сыяктуу президенттик кызматта болгон.
Нобель комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдагы Тынчтык сыйлыгына 338 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын 244ү жеке адамдар, 94ү уюмдар болгон. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу кыйла көп. 2024-жылы талапкерлердин саны 286ны түзгөн.
Ал эми 2016-жылы Нобелдин тынчтык сыйлыгына талапкерлер рекорддук көрсөткүчкө жеткен, 376 адам жана уюм талапкер катары көрсөтүлгөн.
Нобелдин тынчтык сыйлыгы деген эмне?
Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгы - Швеция эмес, Норвегиянын Нобель комитети ыйгарган жалгыз сыйлык. Аны берүү чечимин беш адамдан турган комитет кабыл алат.
Эксперттердин айтымында, 1901-жылдан бери Нобель комитетинин Тынчтык сыйлыгынын лауреаттарын тандоо ыкмасы кыйла өзгөргөн. Алгач негизги критерий тынчтыкты орнотууга көмөк көрсөтүү болсо, кийинчерээк адам укуктарын коргоого барган сайын көбүрөөк маани бериле баштаган. Бул тенденция Кансыз согуш учурунда күчөгөн.
Норвегиянын Нобель комитетинин эрежелерине ылайык, Тынчтык сыйлыгына каалаган адам көрсөтүлүшү мүмкүн. Бирок талапкерлерди сунуштоого укуктуу адамдардын чөйрөсү чектелген.
Талапкерлерди көрсөтүүдө Альфред Нобелдин керээзинде белгиленген үч критерий эске алынат. Алар, куралдуу күчтөрдүн санын кыскартууга салым кошуу, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көмөктөшүү жана элдердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө салым кошуу.
Комитеттин түшүндүрмөсүнө ылайык, Нобелдин керээзинде көрсөтүлгөн түшүнүктөргө акыркы 120 жыл ичинде бир катар тактоочу формулировкалар кошулган. Алардын катарына эл аралык кызматташтык, тынчтыкты орнотууга жеке адамдар менен катар уюмдардын да салым кошушу жана адам укуктарын коргоо кирет.





























