Эр-Риядда аэропорттогу эки соккудан 14 киши өлдү. ТИМ кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын сактоого үндөдү

Международный аэропорт имени короля Халида, архивное фото
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Падыша Халид эл аралык аэропорту, архив сүрөт
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко дем алыш күндөрү экинчи жолу жасалган соккудан кеминде бир адам каза болуп, 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация башкармалыгы билдирди.

"Жарандык авиациянын башкы башкармалыгы (GACA) кол салуудан Пакистандын бир жараны каза болгонун, дагы 11 адам жаракат алганын тактады", — деп айтылат мекеменин X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Сауд Арабиясынын куралдуу күчтөрүнүн өкүлүнүн айтымында, жекшемби күнкү соккудан кийин аэропорттун терминалдарынын биринде өрт чыккан.

Бул окуя бир күн мурун жасалган соккудан 13 адам каза болуп, 300дөн ашуун адам жаракат алгандан кийин болду. Өткөн аптада да аэропорт чабуулдардын бутасына айланган.

Йемендеги хусит козголоңчулары бул чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, авиакомпанияларды жана жүргүнчүлөрдү Сауд Арабиясынын аэропортторун жана аба мейкиндигин пайдаланбоого чакырды.

Козголоңчулар аэропортко баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урганын билдиришти.

Жекшемби күнү хуситтердин өкүлү Яхья Сари билдиргендей, топ Сауд Арабиясынын мунай объектилерине жана өлкөнүн чыгышындагы Даммам шаарынын аэропортуна да сокку урган.

Ал Сауд Арабиясынын аймагына тереңдеп кирген соккулар мындан ары да күчөтүлөрүн убада кылды. Ошондой эле мусулмандар үчүн ыйык саналган Мекке жана Медина шаарларындагы аэропорттордон башка өлкөдөгү бардык аэропорттор бутага алынышы мүмкүн экенин эскертти.

Хуситтер Сауд Арабиясына Йемендеги жарандык согушта өкмөттүк күчтөрдү колдогону жана Сана аэропортуна абадан сокку урулганы үчүн чабуул жасап жатканын билдиришүүдө.

Эр-Рияд менен козголоңчулардын ортосунда 2022-жылы жетишилген ок атышууну токтотуу келишими 2026-жылы жайында бузулган.

Последствия атаки хуситов на аэропорт Эр-Рияда 8 октября
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эр-Рияддагы хуситтердин чабуулдарынын кесепеттери, 8-октябрь
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жекшемби күнү Сауд Арабиясы башында турган аскердик коалициянын өкүлү, генерал-майор Турки аль-Малики Эр-Рияд аэропортунун жанында абадан коргонуу күчтөрү ракетаны атып түшүргөнүн билдирди. Анын айтымында, аэропорттун төртүнчү терминалында "белгисиз снаряд" тийгенде өрт чыккан.

Улуу Британиянын коргоо министри Уэс Стритинг жекшемби күнү хуситтердин Эр-Рияд аэропортуна жасаган чабуулун айыптап, муну кооптуу эскалация деп атады.

"Бул — кооптуу эскалация. Хуситтердин Сауд Арабиясындагы жарандык объектилерди бутага алышы тынчсыздандырган көрүнүшкө айланып баратат. Ушул себептен Улуу Британия Сауд Арабиясына абадан коргонуу каражаттарын берип, учактарына абада май куюуга жардам көрсөтүү менен колдоо билдирип жатат", — деди ал Sky News телеканалына берген маегинде.

Өткөн айда Британиянын бийлиги Королдук аба күчтөрүнүн учактары хуситтердин соккуларынан коргонууга жардам берүү максатында Сауд Арабиясынын аскердик учактарына абада май куюп турарын жарыялаган.

"Биз бул жаңжалдын токтошун каалайбыз. Хуситтердин жарандык объектилерге мындай чабуул жасашына жол берилбеши керек", — деп кошумчалады Стритинг.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Сауд Арабиясына жардам берип, хуситтердин позицияларына сокку уруу маселесин карай турганын билдирген.

"Биз бул маселени карап чыгабыз. Биз бул жакында болгон чабуул тууралуу жаңы эле билдик, ошондуктан чечим кабыл алабыз. Биз абдан тез аракеттенебиз", — деди ал ишемби күнү.

Ишемби күнү Эр-Рияд аэропортуна жасалган сокку АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы башталгандан бери Перс булуңундагы өлкөлөрдүн бирине жасалган эң көп адамдын өмүрүн алган чабуул болду.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясынын айрым аймактарына барбоону сунуштады. Алардын арасында Йемен менен чек арадан 10 чакырымга чейинки аралыктагы аймактар да бар. Батыштын башка өлкөлөрүнүн элчиликтери да өз жарандарына ушундай эскертүүлөрдү беришти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Эр-Рияд шаарындагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко жасалган соккулардын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында колдо бар маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жок экендигин билдирди.

Министрлик аталган өлкөгө барууну пландап жаткан же анын аймагында жүргөн мекендештерди коопсуздук чараларын сактоону, жергиликтүү бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салууну жана алардын көрсөтмөлөрүн аткарууну, авиакомпаниялардан жана аэропорттордон авиакаттамдардын макамын алдын ала тактоону, кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактарга, ошондой эле чектөөлөр киргизилген жерлерге баруудан кармануунуну сунуштады.

ТИМ адам өмүрлөрүнүн кыйылышына жана жай тургундардын арасында көптөгөн адамдардын жаракат алышына алып келген соккуларды чечкиндүү түрдө айыптаган.