Президент менен жолугушуудан кийинки талкуу: Жапыкеев эмне дейт?

courtesy
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин "Кыргызтест" маселеси жана мамлекет башчысы менен жолугушуусу тууралуу айткандарына жооп берди. Ал Садыр Жапаров президенттикке талапкерлерди тил сынагынан өткөрүп коюу тууралуу эч кимге тапшырма бербегенин айтты. Мунун алдында Суваналиев Сыймык Жапыкеев экөө президент Жапаров менен жолукканын, мамлекет башчысы талапкерлердин баарын "Кыргызтесттен" өткөрүү тапшырмасын бергенин айткан. "Кыргызтест" эч кандай буйрук болбогонун, саясатчы Жапыкеев тесттен өз күчү менен өткөнүн Би-Би-Сиге билдиришти.

Суваналиев: "Президент тапшырма берген"

Кыргыз тили боюнча "Кыргызтесттин" сынагынан өтпөй калган саясатчы Өмүрбек Суваналиев 16-ноябрда журналист Майраш Базлакунованын YouTube каналына маек берип жатып, президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген Сыймык Жапыкеев экөө президент Садыр Жапаровдун жеке кабыл алуусунда болгонун айтты. Суваналиевдин айтымында, анда талапкерлердин тил сынагынан өтүү маселеси боюнча сөз болгонун, өлкө башчысы өзүнүн пресс-катчысына талапкерлердин баарын бул сынактан өткөрүү тапшырмасын бергенин билдирди.

Өмүрбек Суваналиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саясатчы Өмүрбек Суваналиев

"Мурунда биз шайлоого катышып жүргөнбүз. Кыргыз мектепте окусак, кыргызча сүйлөсөк, кыргызча ой жүгүртсөк, бул басынткандык болуп калат дедим. Ай, Алагөзов, давай, бардыгын өткөргүлө! Кыргыз тилинен эч кимди кулатпагыла" деди. Анда логика? Биз мындай жаман жагдайда болуп калдык. Президент менен так талашып, күрөшүп жатсак, ал бизге милдет кылып жатат да. Анын негизи бул эмесине (компетенциясына) кирбейт, өткөрүп койгула же өткөрбөгүлө деген. Тест деген өзүнчө да. Анда бизди бардык этаптан өткөр деп коюш керек да", - деди Суваналиев.

Жапыкеев: "Тесттен өзүм өттүм"

Жакында эле "Түндүк" бирдиктүү порталынан 30 миң кол топтогон Сыймык Жапыкеев Би-Би-Сиге берген комментарийинде сөз болуп жаткан жолугушуудан кийин тестке барганын, бирок ал тесттен өз күчү менен өткөнүн айтты.

Сыймык Жапыкеев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент болууга ниетин билдирген Сыймык Жапыкеев

"Президент "бийлик тараптан бут тосуу болбойт, бийлик кылды деп ойлобогула" деп айтты. "Антип ойлогон жокмун, кайра тапшырууга барам" деп айттым. Биринчисинде чынын айтканда, анча жакшы даярданбай калыптырмын, экинчисинде тажрыйба болуп калды да. Анан (президент) Алагөзовго "айтып кой, эч кимге бут тосуу болбосун" дейт. Биз президенттин сөзү деп барган жокпуз да, тест деп барып жатабыз. Ал жакта комиссия бар да негизи. Ошентип экинчисин жаздым, өтүп кеттим. Масалиев деле өттү, баары өттү. Баары ойдогудай эле келатат. Эч кандай проект эмесмин. Өзүмдүн оюм менен, мыйзам жолунда эле келатам", - деди Сыймык Жапыкеев.

"Кыргызтест": "Президенттен буйрук келген эмес"

Ал эми "Кыргызстест" маслекеттик мекемесинин директору Батма Топоева президенттен талапкерлерди сынактан өткөрүү тууралуу тапшырма келип түшпөгөнүн билдирди.

"Кыргызстест" маслекеттик мекемесинин директору Батма Топоева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кыргызстест" маслекеттик мекемесинин директору Батма Топоева

"Президент аларды (талапкерлерди) канткенде колдой алам деп, "ай ушинтип койбойсунарбы" деп койсо койгондур, мен анысын чечмелей албайм. Бирок мага тикелей "Батма Болаталиевна, ушул аралыкта ушундай талапкерлер барат, баарын өткөрүп кой" деген болгон эмес жана болбойт. Бул абсурд. Андай бизде жок да. Компьютерге шыбырайбызбы биз? Же анан ордуна отуруп алып, биз өзүбүз тапшырышыбыз керекпи? Андай болбойт", - деди Батма Топоева - Ставинская.

Алагөзов: "Президент жолуккан, бирок тапшырма берген эмес"

17-ноябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Омурбек Суваналиевдин маеги боюнча билдирүү таратты. Ал президент Садыр Жапаров ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн жарандар менен да жолугушууларды өткөргөнүн ырастады.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Ооба, Президент Садыр Жапаров ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн жарандар менен да жолугушууларды өткөрүп келет. Мындай жолугушуулардын биринде "Кыргызтесттен" өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлүп, мамлекет башчысы тестти кайра тапшырууга, керек болсо он жолу аракет кылууга мыйзам жол берерин айткан. Бирок кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес", - деп жазды Алагөзов.

Алагөзов президент бардык талапкерлер үчүн мыйзам чегинде бирдей шарттардын болушун, шайлоонун ачык-айкын жана атаандаштык негизде өтүшүн колдой турганын белгилеген.

"Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керек. Алардын жетишкендигин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес", - деди Алагөзов.

Ал шайлоо өнөктүгү маалында саясий билдирүүлөр, карама-каршы пикирлер жана ушак-айыңдар көп болорун айтып, ар бир билдирүүнүн артында саясий кызыкчылыктар турушу мүмкүн экенин эскерткен.

Кол топтоо уланууда

Буга чейин коомдук жана саясий ишмер Өмүрбек Суваналиев президент болуу ниетин билдирип, "Кыргызтест" мамлекеттик тил сынагынан өтпөй калган. Мурдагы финполкызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев биринчи сынагынан кулап, экинчисинен өткөн.

Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Алардын ичинен Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев, Аймен Касенов жана Исхак Масалиев "Түндүк" бирдиктүү порталынан керектүү сандагы кол топтоп бүттү. Алардын артынан Клара Сооронкулова, Бакыт Калмаматов, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров, Бактыбек Адылов, Амур Айба Медер жана Мамбетжунус Абылов кол топтоо боюнча тизмеде келатышат.

Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.