"Орешник" менен Украинага жасалган сокку. Москва дрондук чабуулга жооп кайтардыбы же Европага эскертүү бердиби?

111

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чабуулга баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле көптөгөн дрондор колдонулду
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

24-майга караган түнү Украинага ракета жана дрон менен жасалган чабуул толук масштабдуу согуш башталгандан берки эң күчтүү соккулардын бири болду. Муну канаттуу жана баллистикалык ракеталар, анын ичинде гиперүндүү "Циркон" ракеталары, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар айкалыштырган комплекстүү чабуул деп атаса болот. Мындан тышкары, кеминде бир "Орешник" баллистикалык ракетасы колдонулду.

"Орешник" ракетасы Киев облусундагы Белая Церковь шаарына сокку урулган.

"Орешник" — орто аралыктагы ракета. Ал бөлүнүүчү согуштук бөлүк менен жабдылган жана анын курамында алтыга чейин өз алдынча бөлүнгөн дүрмөт болушу мүмкүн. Ар бир дүрмөт өзөктүк заряд алып жүрүүгө жөндөмдүү.

апр

Сүрөттүн булагы, Reuters

Бул блоктор башка ракеталардын жардыруучу зат менен жабдылган согуштук бөлүктөрүндөй коркунуч жаратпайт.

Ошентсе да мындай ракетанын согуштук блоктору жерге өтө чоң ылдамдык менен түшүп, чоң кинетикалык энергияга ээ болот. Ошондуктан алар түшкөн жеринде белгилүү бир деңгээлде кыйроолорду жаратышы мүмкүн.

Ок-дарылар Белая Церковь шаарынын кайсы жерине түшкөнү тууралуу маалымат берилген жок. Социалдык тармактарда ар кандай божомолдор талкууланууда, алардын арасында аэродромго тийген болушу мүмкүн деген версия да бар.

Би-Би-Синин украин кызматынын журналисттери билдиргендей, сокку урулганга чейин асманда дагы бир ракета жарк этип көрүнгөн, бирок өзүнчө блокторго бөлүнгөн эмес. Балким, Орусия экинчи ракетаны да учурган болушу мүмкүн. Бирок Украинанын Куралдуу күчтөрүнү бул маалыматты ырастаган жок.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө "Орусия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрү тарабынан "Орешник“ баллистикалык ракеталары менен массалык сокку урулду" деп айтылган. Бул жерде "ракеталары" деген сөз көптүк санда колдонулган.

Комплекстүү чабуул

24-майга караган түнү Украинага жасалган соккулардын хронологиясына көз жүгүртсөк, андан орус армиясы ар кандай сокку уруучу каражаттарды айкалыштырып колдонгонун көрүүгө болот.

Баллистикалык ракеталар менен катар эле алыс аралыкка уча алган "Шахед" дрондору жана канаттуу ракеталар да учурулган.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз билдирүүсүндө "Орешник" ракеталарынан тышкары "Искандер", "Кинжал", "Циркон" ракеталарын, ошондой эле абадан, деңизден жана жерден учурулуучу канаттуу ракеталарды да атаган.

ыам

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киевде турак-жай жана соода имараттары бузулуп, талкаланган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол эле учурда Орусиянын Коргоо министрлиги соккулардын буталары "Украинанын аскердик-өнөр жай комплексинин объектилери, аскердик инфраструктурасы, ошондой эле Кургактагы аскерлердин башкы командачылыгынын, Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын башкаруу пункттары жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башка башкаруу борборлору болгонун билдирүүдө. Министрлик ошондой эле Украинанын жарандык инфраструктура объектилерине сокку урууга "ниет да болгон эмес, андай соккулар жасалган да эмес" деп маалымдаган.

Бул билдирүү Би-Би-Синин жеринен маалымат берип жаткан кабарчыларынын билдирүүлөрүнө карама-каршы келет. Алардын айтымында, Киевдин бир нече районундагы турак үйлөр жабыркап, айрымдары жарым-жартылай кыйраган.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз билдирүүсүндө 22-майга караган түнү оккупацияланган Луганск облусуна караштуу Старобельск шаарындагы колледждин жатаканасына жасалган сокку тууралуу айткан эмес.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, украиналык дрондордун чабуулунан ал жерде 21 адам каза болуп, 63 адам жабыркаган.

Москвага жасалган чабуул

Орусиянын Коргоо министрлиги дагы бир билдирүүсүндө бул сокку "Украинанын Орусия аймагындагы жарандык объектилерге жасаган террордук чабуулдарына жооп катары" жасалганын билдирген.

Акыркы жумаларда Украинанын Орусиядагы буталарга жасаган соккуларынын масштабы да, натыйжалуулугу да өстү. Чабуулдарга барган сайын көбүрөөк дрондор катышып, алардын таасири күчөп жатканын байкоого болот.

17-майга караган түнү Украина Москвага учкучсуз учуучу аппараттар менен эң ири чабуулдардын бирин жасаган.

Шаарда дрондор Москванын Капотня районундагы мунай иштетүүчү заводдун көзөмөл-өткөрүү пунктуна чабуул коюп, жумушка жаңы келген кызматкерлер жабыркаган. Ошондой эле Москванын жанындагы Зеленоград шаары жана Москва облусунун түндүк бөлүгүндөгү райондор да соккуга кабылган.

Чабуулдун кесепетинен Москва облусунун үч тургуну каза болуп, Москва аймагында жалпысынан 17 адам жаракат алган.

Бул сокку Москвадагы Жеңиш парадынан болжол менен бир жума өткөндөн кийин жасалган. Украиналык дрондордон улам жаралган коркунучтан улам парад аскердик техникаларсыз өткөрүлгөн.

Ошол эле учурда орус басылмаларында жана социалдык тармактарда согушту колдогон айрым баяндамачылар Москва мындай чабуулдардан жакшы корголгонун айтып келишкен. Бирок 17-майдагы чабуул борбор калаанын да алсыз жактары бар экенин көрсөткөн.

Украинанын президенти Владимир Зеленский түнкү чабуулду Украинага, анын ичинде Киевге жасалган акыркы орус соккуларына "адилеттүү жооп" деп атаган. Анын айтымында, 14-майда Киевдеги тогуз кабаттуу үйгө ракета тийип, анын кесепетинен 24 адам каза болгон.

Өзөктүк сигналдар

Ошентип, "Орешник" ракетасы согуш учурунда үчүнчү жолу колдонулду. Биринчи жолу орус аскерлери аны 2024-жылдын 21-ноябрында Днепр шаарына жасалган сокку учурунда, экинчи жолу 2026-жылдын 9-январында Львов облусуна жасалган сокку маалында пайдаланылган.

"Орешниктин" колдонулушу көбүнчө демонстрациялык мүнөзгө ээ деп эсептелет. Анткени бул ракета негизинен өзөктүк сокку урууга ылайыкталган жана кадимки согуштук жабдуулар менен колдонулганда анча натыйжалуу эмес. Ошондуктан ал жаңжалдын чыңалуусун күчөтө турган олуттуу курал катары каралат.

Мындан тышкары, бул ракетанын учуу аралыгы Европанын каалаган чекитине жетүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан бул Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн тынчсыздандырбай койбойт.

Орусияда көптөгөн расмий адамдар жана расмий эмес баяндамачылар Европа өлкөлөрүн Украинага колдоо көрсөтүп жатат деп айыпташат. Алардын ичинде алыс аралыкка уча турган дрондорду өндүрүүгө көмөктөшүп жатат деген дооматтар да айтылууда.

Мындан тышкары, мындай ракетаны атүгүл "Патриот" сыяктуу абадан жана ракетадан коргонуу комплекстери менен да атып түшүрүү өтө кыйын экени белгиленет.

Бул соккудан бир нече күн мурда Орусия ракеталарды учуруу менен коштолгон масштабдуу өзөктүк машыгууларды өткөргөн.

Аларга стратегиялык өзөктүк күчтөр гана эмес, ошондой эле орусиялык тактикалык өзөктүк куралдарды колдонгон беларус бөлүктөрү да катышкан.