Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефондон ШКУ саммитин жана аймактык маселелерди сүйлөштү

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 23-майда телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты жана алдыдагы эл аралык жолугушууларды талкуулашты.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 23-майда билдирди. Сүйлөшүүдө быйыл Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммити талкууланган. Мындан сырткары, тараптар мурда жетишилген мамлекеттер аралык макулдашууларды ишке ашырууну улантуу маанилүү экенин белгилешти.
Сүйлөшүүдө кыргыз-тажик алакасынын негизги багыттар боюнча өнүгүүсүндө "оң динамика" бар экени айтылды.
" Президенттер ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги айрым маселелер боюнча пикир алмашышты", — деп айтылат расмий билдирүүдө. Бирок алардын чоо-жайы ачыкталган жок.
Бул жумада Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өттү.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы расмий дипломатиялык мамилелер 1993-жылы орнотулган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чейрек кылымга созулган чек ара талашына былтыр чекит коюлган.
2025-жылдын 12-13-мартында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында узундугу дээрлик миң чакырымды түзгөн мамлекеттик чек ара жөнүндөгү тарыхый келишимге кол коюлган.






























