Кыргызстан чет элдик жумушчулар үчүн квотаны 100 миңге чейин көбөйттү

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстан чет элдик жумушчулар үчүн берилүүчү квотаны 52 миңден 100 миң адамга чейин көбөйттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 30-апрелдеги тескемесинде көрсөтүлгөн.
Буга чейин Кыргыз бийлиги чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсү жана иштөөсү үчүн документ алуу системасын жөнөкөйлөтүп, жаңы бирдиктүү тартип киргизген.
Ага ылайык, иштөө максатында келген чет өлкөлүктөрдүн документ алуу процесси бир системага бириктирилген.
Жаңы эрежеге ылайык, алгач 60 күнгө чейинки мөөнөткө "бирдиктүү уруксат" берилет. Эгер адам Кыргызстанда андан ары калууга муктаж болсо, кийин ал резидент-карта алса болот.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, соңку жылдары Кыргызстанга келген чет элдик мигранттардын саны өсүүдө. Буга чейин өлкө негизинен мигранттарды жөнөтүүчү мамлекет болсо, азыр Кыргызстанга иш издеп келген чет өлкөлүктөрдүн саны да көбөйүүдө.
Кыргызстанга айрыкча коңшу Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан мигранттар көп келет. Андан тышкары Түркия, Кытай сыяктуу мамлекеттерден да келип иштеп жаткандар арбын. Бирок соңку жылдары өзгөчө Түштүк Азия өлкөлөрүнөн келгендердин саны өстү.
Буга чейин Бангладеш менен Пакистандын жарандары Кыргызстанга негизинен билим алуу максатында келишсе, азыр алар көбүнчө эмгектенүү үчүн келе баштаган.






















