Конуп бараткан учак жүк ташуучу унааны сүзүп кетти

Конуп бараткан учак жүк ташуучу унааны сүзүп кетти

АКШнын Нью-Йорк шаарына жакын Нью-Арк аба майданына бараткан учак конуу учурунда жолдогу жүк ташуучу унааны сүзүп кетти. 231 жүргүнчүсү бар учак аман-эсен конуп, ал эми унаадагы айдоочу жеңил жаракат алганы кабарланды.

АКШнын Транспорт коопсуздугу боюнча бюросу окуяны иликтөөдө.