Макрон Арменияда обон созду

Макрон Арменияда обон созду

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Ереванда ыр ырдады. Ал Шарль Азнавурдун La Bohème чыгармасын армян премьер-министри Никол Пашиняндын коштоосунда аткарды. Пашинян барабанда ойноду. Армениянын президенти артта кошо ырдап турду. Акыркы бир ай ичинде Пашинян Ереванда бир нече жогорку деңгээлдеги эл аралык жолугушууларды өткөрдү. Бул иш-чаралар 7-июнга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында болуп жатат.