"Эки өлкөнүн кызматташтыгы өнүгүүнүн алтын мезгилине кадам таштады ". Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары

Сүрөттүн булагы, president.kg
"Ынтымак-Ордодо" Кытай лидеринин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын расмий бөлүгү башталды. Саат ондо Си Цзиньпин жубайы Пэн Лиюань менен кошо кытай өндүрүшүнөн чыккан Hongqi N701 унаасы менен келди. Конокторду президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова тосуп алышты. Салтанаттуу аземде эки өлкөнүн гимни жаңырды.
Кеңири форматтагы жолугушуу учурунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Си-Цзиньпинге чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, сапар өлкөнүн эгемендик күнүнө туш келгенин баса белгилеп, бул ынак достуктун, өз-ара сый-урматтын, саясий ишенимдин белгиси экенин айтты:
"Сиздин Бишкекте ШКУ саммитине катышып жатканыңыз шексиз түрдө иш-чаранын маанисин арттырат жана ага жогорку эл аралык макам тартуулап турат. Сиздин сапарыңыз өзгөчө мааниге ээ. Бул сапар, албетте, кыргыз-кытай мамилелеринин тарыхындагы маанилүү этап болуп калат", - деди Садыр Жапаров.
Кыргыз президенти бүгүн эки өлкө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык өнүгүүнүн алтын дооруна кирди деп ишенимдүү айта аларын билдирди:
"Биздин эл Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан. Бүгүн биз сиздер менен бирге жаңы өткөрмө пункттарды ачуу, автомобиль жана темир жолдорду куруу аркылуу бул тарыхый миссияны кайра жандандырып жатабыз. Ушул багытта Кыргызстан сиздин "Бир алкак – бир жол" демилгеңиздин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтөт жана мындан ары да өзүнүн колдон келишинче салымын кошууга даяр. Бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын тышкы саясатындагы маанилүү артыкчылыктардын бири, негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат. Кытай — биздин жакшы коңшубуз, жакын досубуз жана убакыт сынынан өткөн ишенимдүү өнөктөшүбүз. Биздин өлкөлөр өз ара урматтоого, ишенимге жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алууга негизделген ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүктүн үлгүсүн көрсөтүп келишет".
Садыр Жапаров Тибетте суу ташкындарынан улам көптөгөн адамдардын курман болушуна байланыштуу кытай элине көңүл айтты.
Өз кезегинде Кытай лидерди жети жылдык тыныгуудан кийин кайрадан кооз Кыргызстанга келгенин, өлкөнүн күндөн-күнгө өнүгүп-өсүп жатканына күбө болгонун, Кыргызстандын ишенимдүү коңшусу жана толук кандуу стратегикалык өнөктөшү катары Кытай буга чын жүрөктөн кубанып турганын айтты:
"Акыркы жылдары биздин биргелешкен аракетибиздин аркасында Кытай-Кыргыз мамилелери секирик жасап, бардык тармактарда кызматташуу жигердүү өнүгүүдө. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу сыяктуу ири долбоорлор туруктуу ишке ашып, эки өлкөнүн өнүгүүсүнө реалдуу салым кошуп, элге пайдасын тийгизип, аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өсүүнү камсыз кылууда".
Бүгүн мамлекеттик сапардын алкагында бир нече документтерге кол коюлары күтүлүп жатат.
"Эки өлкө ортосундагы түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык". Кол коюлган документтер

Сүрөттүн булагы, president.kg
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жолгушуунун жыйынтыгында эки өлкө президенттери "Жаңы доордо баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө" биргелешкен декларацияга, жана "Эки өлкө ортосундагы түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык" келишимине кол коюшту.
Ошондой эле эки өлкөнүн ведомство башчылары бир катар документтер менен алмашты. Алар:
"Бедел" көзмөл өткөрүү пункту аркылуу кыргыз-кытай чек арасында Үзөңгү-Кууш дарыясы аркылуу чек ара автоунаа көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз-кытай чек ара режими жөнүндө макулдашуу;
"Кытай - Борбордук Азия -Европа" темир жол экспресс ташуулары боюнча кызматташтыкты тереңдетүү боюнча меморандум;
Электрондук коммерция жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
"Бедел" автомобилдик өткөрүү пунктун куруу жана техникалык жабдуу долбоору боюнча кат алмашуу;
Илим, технология, инновация жана технологияларды өткөрүп берүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргыз-кытай өткөрүү пунктарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
Мындан тышкары кошумча 20 документке кол коюлганы айтылды.
Кыргызстан-Кытай алакасы

Сүрөттүн булагы, president.kg
Кытай Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Расмий маалымат боюнча, 2021-2025-жылдары Кытай Кыргызстанга болжол менен 1,85 млрд доллар түз инвестиция салган.
Эки өлкөнүн ортосундагы эң ири долбоор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Ал 2024-жылы 27-декабрда курула баштаган.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу" ишканасы түзүлгөн. Анын курамына Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын "Узбекистон темир йуллари" акционердик коому кирген. Ишканада Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.
Долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар. Темир жолдун курулушуна 20 миңден ашык адам жумушка тартылат.
Кытай Кыргызстанга ири насыя берген өлкө. Кыргызстандын тышкы карызы 5 млрд 212,25 млн доллар болсо, анын 1 млрд 414,54 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.
Жогорку деңгээлде кызматташтык жана сооданын көлөмү жогорулап жатканы менен коомчулукта Бээжин менен келишимдердин ачык-айкындуулугу, өлкөдөгү кытай жарандарынын саны жана алардын жүрүм туруму, тышкы карыздын көлөмү сыяктуу маселелерде тынчсыздануулар айтылып жүрөт.
Айрым эксперттер аны Кытай жана анын Кыргызстанга салган инвестициялар тууралуу маалымдуулуктун аздыгы байланыштырышат.
"Эң негизги себеп - бул Кытай жөнүндө бизде маалымат бүгүнкү күнү аз болуп жатат. Кытайдын саясаты жөнүндө жана ал Кыргызстанга эмне кылып жатканы боюнча да маалымат аз. 70 жылдык советтик доордо Кытай тууралуу ар түрдүү стереотиптер түзүлүп калган. Ошол азыркы күнгө чейин эл арасында бар", - деди саясат талдоочу Айболот Айдосов.
Си Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында өтүп жатат.
31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот. Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышары айтылып жатат.
Кытай лидери буга чейин Кыргызстанга 2013 жана 2019-жылы мамлекеттик сапар менен келген.
































