Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды

Сүрөттүн булагы, Jogorku Kenesh
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Назарали Турдалиевич Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Президенттин жарлыгында Арипов бул кызматка Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык дайындалганы айтылат.
Назарали Арипов ким?
Назарали Турдалиевич Арипов 1970-жылы 28-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетинин жол кыймылын уюштуруу бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолун 1990-жылы Тольятти шаарындагы Волга автомобиль заводунда транспортировщик болуп баштаган.
1994–1997-жылдары "Эрдик" жеке ишканасын жетектеген. 1997–2001-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. Андан кийин "Прагма Инк" жана "Гефест" компанияларында директор болуп иштеген.
2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2009–2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгын жетектеген.
2010–2015-жылдары "Республика" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.
Назарали Арипов буга чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү да болгон. 2020-жылы парламенттик шайлоого талапкер катары катталганына байланыштуу БШКдагы ыйгарым укуктарын токтоткон.
2021-жылы Арипов Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалган. Бул дайындоо тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланган.
КР БШКнын расмий маалыматына ылайык, Арипов ККМШнын парламенттер аралык ассамбелясынын юбилейлик медалы менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Ариповдун Тажикстандагы элчилик кызматындагы негизги милдеттеринин бири - Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого багытталган иштерди улантуу болот.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 2021 жана 2022-жылдары куралдуу кагылышуулар болгон. 2022-жылдын сентябрындагы кагылышта эки тараптан тең адам өмүрү кыйылып, жүздөгөн адамдар жабыркаган. Кийин эки өлкөнүн бийликтери чек ара маселесин сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантышкан.




























