"Мадина" базарында чыккан өрттүн себеби такталууда

Сүрөттүн булагы, Akipress
Бишкектеги "Мадина" базарында 30-август күнү эртең менен өрт чыкты. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланып жатат. Жергиликт тургундардын айтымында, эски базардын аймагындагы бир нече контейнерлер күйүп жатат.
"Өрт эртең мененки 9.00дөр чамасында башталган, азыр биз турган Восток-5 районунун түтүн басты. Аба сасып атат", - деди жергиликтүү тургун.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылды. Өрттүн келип чыгуу себептери, жабыркагандар жана келтирилген зыян тууралуу ӨКМ азырынча расмий маалымат тарата элек.
Жеринде жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Аида Байсынова Би-Би-Сиге кырсыктын чоо-жайы такталып жатканын билдирди.
"Өрттөн улам катуу жаракат алгандар аныкталган жок. Окуя болгон жерде жерде жүрөм. Мында өзгөчө кырдаалдар министри өзү, ӨКМ куткаруучулары, "Тазалыктын" өкүлдөрү, баары жүрүшөт. Базардагы өрттү өчүрүүгө он өрт өчүрүүчү техника тартылды", - деди ӨКМнын Бишкек боюнча басма сөз катчысы Аида Байсынова.
Белгилей кетсек, "Мадина" базары июль айынын аягында соодагерлерди көчүрүү маселесинен улам коомчулуктун көңүлүн бурган. 30-июлда базардын соодагерлери аларды жаңы базарга көчүрүүгө каршы акцияга чыгышкан. Алар жаңы соода жайындагы орундардын баасына жана шарттарына нааразы экенин билдирип жатышкан эле.
Мындан соң Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу "Мадина" базары 1-августта жабылбай турганын, соодагерлерге жаңы "Ала Тоо" базарына көчүүгө кошумча убакыт жана үч ай жеңилдик берилерин убаладалаган.



























