Москвага жасалган эң ири чабуул тууралуу эмне белгилүү?

Сүрөттүн булагы, t.me/V_Zelenskiy_official
Москва аймагы дагы бир жолу Украинанын эң ири дрон чабуулуна кабылганын борбор калаанын жана Москва облусунун бийлиги билдирди. Москвадагы мунайды кайра иштетүүчү заводго дрон тийип, нөөмөтөгү кызматкерлер жаракат алышты. Зеленоград шаары да чабуулга кабылып, Москванын жанындагы түндүк райондорго да сокку урулду. Чабуулдан улам Москва облусунун үч тургуну каза болуп, Москва аймагында жалпысынан 17 адам жаракат алды.
Украина президенти Володимир Зеленский түнкү чабуулду Украинага, анын ичинде Киевге жасалган орусиянын соңку соккуларына "адилеттүү жооп" деп атады. 14-майда Украинадагы тогуз кабаттуу имаратка ракета тийип, 24 адам каза болгон эле.
Подмосковьеде эмне болду?

Сүрөттүн булагы, Reuters
17-май, жекшемби күнү таңга маал Москва аймагына жасалган дрон чабуулу соңку бир жылдан ашык убакыттагы эң ири чабуул болду. Бул тууралуу маалыматты мамлекеттик ТАСС агенттиги Москва менен Подмосковьенин бийлиги түн ичинде тараткан билдирүүлөргө талдоо жүргүзүп жарыялады.
Буга чейин мындай чабуул 2025-жылдын март айында болгон. Анда 90дон ашуун дрон атып түшүрүлгөн. Чабуулдан үч адам каза болуп, дагы 18 киши жаракат алган.
Подмосковьеге жасалган чабуул 17-май, жекшемби күнү таңкы саат үчтөр чамасында башталганын облус губернатору Андрей Воробьев билдирди.
Анын айтканына караганда, негизги чабуул Москва айланма жолуна жана "Шереметьево" аэропортуна жакын жайгашкан Подмосковьенин түндүк-батыш тарабына багытталган.
Жекшембинин таңында облус губернатору жана Подмосковьедеги район жетекчилери үч адам каза болуп, дагы беш киши жаракат алганын кабарлаган.
Москва менен түндүк-батыш тарабынан чектешкен Химки шаарындагы Старбеево кичи районунда дрон жеке турак үйгө тийип, бир аял каза болгон. Губернатор Андрей Воробьев билдиргендей, үй катуу жабыркап, урандылардын алдында дагы бир адам калган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дагы эки адам Подмосковьенин чыгыш тарабындагы Мытищи шаарына караштуу Погорелки айылында каза болушкан. Жардыруудан учкан сыныктар коңшу үйлөргө да тийген, бирок ал жакта эч ким жабыркаган эмес.
Кийинчерээк Индиянын Орусиядагы элчилиги каза болгондордун бири Индиянын жараны экенин кабарлады. Ошондой эле дагы үч индиялык жаран жаракат алганы маалымдалды. Бирок бул кайсы жерде болгону так айтылган эмес.
Москвага жакын, борбор калаанын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Красногорск шаарындагы Путилково кичи районунда дрон көп кабаттуу турак үйгө тийген. Кесепетинен бир нече батир жабыркаган. Тургундар арасында жабыркагандар болгон эмес.
Красногорск шаарына жакын Лобня шаарында да дрон сыныктарынан улам бир аял жаракат алганын шаардык округдун башчысы Анна Кротова билдирди.
Анын айтымында, дрон чачырандылары болжол менен беш көп кабаттуу үйгө жана 20га жакын унаага зыян келтирген. Дрондун бөлүктөрү поликлиниканын аймагынан да табылган.
Украина тараптан учурулган дрондор Москванын түндүк-батыш тарабында, болжол менен 15 чакырым аралыкта жайгашкан Дедовск шаарындагы көп кабаттуу үйгө да тийген.

Сүрөттүн булагы, t.me/vorobiev_live
Мындан тышкары, Агрогородок деген айылдагы алты жеке үй да жабыркаган. Бул жерде алдын ала маалымат боюнча үч эркек жана бир аял жаракат алганын Андрей Воробьев билдирди.
Москва облусунун Истра районунда Устиновка темир жол станциясынын жанындагы аба электр линиясы да жабыркаган, шаар четиндеги поезддердин каттамы убактылуу токтотулган,- деп билдирди Москва 24 телеканалы муниципалдык райондун башчысы Татьяна Витушеванын сөзүнө таянып.
Мындан тышкары, Подмосковьенин түштүк-батыш тарабындагы Наро-Фоминск аймагындагы Субботино айылына да дрон түшкөнү тууралуу маалымат айтылды. Ал жакта жеке үй өрттөнүп кеткен, бирок жабыркагандар жок.
Москва облусунун чыгышындагы Сергиев Посад шаарына болгон чабуулдан төрт жеке үй жана үч унаа жабыркаганын шаар округунун башчысы Оксана Ероханова билдирген.
Облус губернатору Андрей Воробьев түнкү окуялар боюнча отчетунда Подмосковьенин бир нече муниципалитеттериндеги "инфраструктуралык объекттерге" да чабуулдар болгонун айтты.
Москвада эмне болду?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Москвада бир сутка ичинде Орусиянын Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрү 120дан ашуун дронду атып түшүрдү,- деп жазган жекшемби күнү эртең менен Москванын мэри Сергей Собянин Telegram баракчасына. Ал дрондор кайсы жерде жок кылынганын так айткан жок.
Москва тургундары орусиялык маалымат каражаттарына борбор калаанын бардык жеринде абадан коргонуу күчтөрүнүн үнү угулуп жатканын айтышты.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан түн ичинде Орусияда 556 украиналык дрон атып түшүрүлгөн. Бул украиналык дрондордун түнкү эң ири чабуулдарынын бири болушу мүмкүн.
Собяниндин билдирүүлөрүнө караганда, чабуулдун негизги бутасы Москванын түштүк-чыгышындагы Капотня районунда жайгашкан Москва мунай иштетүүчү заводу болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, дрондордун чабуулунан он эки адам жаракат алган. Жабырлануучулардын көпчүлүгү заводдун текшерүү пунктунда иштеген курулушчулар болгон. Өндүрүш жабыркаган эмес, деп билдирди Собянин.






























