Токмокто ишкерлерден акча өндүрүп келген коррупциялык схема ачыкталды

Кылмыш

Сүрөттүн булагы, УКМК

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Токмок шаарынын ишкерлеринен системалуу түрдө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын опузалап келген мыйзамсыз схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1989-жылы туулган Ц.Д.В. аттуу жеке жактоочу белгисиз адамдардын жардамы менен Токмок шаарында ар кандай имараттарды жана объектилерди куруп жаткан ишкерлерге кысым көрсөтүп келген.

Тактап айтканда, ишкерлерди Ички иштер министрлиги, прокуратура, УКМК, экология кызматтары, мэрия жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр уюштурулат, социалдык тармактарда жалган маалыматтар таратылат деп коркутуп келген.

15-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, аталган жаран 15 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.

Ц.Д.В. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.