ДСУ Африкадагы Эбола эпидемиясын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялады

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жекшемби күнү Конго Демократиялык Республикасында жана Угандада кулачын жайып жаткан Эбола ысытмасын коңшу өлкөлөргө коркунуч туудурган "эл аралык маанидеги коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал" деп атады.
ДСУ Бундибугио вирусунан улам чыккан эпидемия пандемиянын өзгөчө кырдаалдын критерийлерине жооп бербей турганын, бирок кошуна өлкөлөргө жайылуу тобокелдиги жогору экенин билдирди.
Ишембиде Конгонун Итури провинциясында 88 адам бул вирустан каза тапканы, 8 учур лабораторияда тастыкталганы жана бери дегенде үч аймакта, анын ичинде Итури провинциясынын борбору Бунияда жана алтын казуу иштери жүргөн Монгвалу жана Рвампара шаарларында 246 адамда вирус болушу мүмкүн деп шектелип жатканы БУУнун саламаттыкты сактоо маселелери боюнча агенттигинин билдирүүсүндө айтылат.
ДСУнун маалыматына ылайык, вирус өлкөнүн чегинен тышкары жайылып жатат: Уганданын борбору Кампалада Конгодон жума жана ишемби күндөрү келген адамдарда вирус бар экени лабораториялык жол менен аныкталды, анын ичинде бир өлүм катталды.
Жаңы эпидемия (бул Эбола вирусу Конгодо биринчи жолу аныкталган 1976-жылдан берки он жетинчи эпидемия) иш жүзүндө кыйла масштабдуу болушу мүмкүн. Мында адамдардан алынган алгачкы үлгүлөрдө вирус аныкталган учурлар көп болуп жатканы эске алынууда.
Эбола-Заир штаммдарынан айырмаланып, Бундибугио вирусу үчүн бекитилген дарылар же вакциналар болбогондуктан, азыркы кырдаал өзгөчө деп эсептелүүдө. Өлкөдө буга чейинки эпидемиялардын баарына Заир штаммы себепчи болгон.
Агенттик вирус бар экени тастыкталган адамдарды обочодо кармоону, алар менен байланышкан адамдарга күн сайын көз алып турууну, эгерде адам оорулуу менен байланышта болсо, ага 21 күнгө чейин өлкөнүн ичинде ары-бери каттоого чектөө киргизүүнү жана эл аралык саякатка чыгууга тыюу салууну сунуштады.
ДСУ Конгого жана Угандага мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө үчүн чукул операциялардын борборлорун түзүп, илдеттин алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу керектигин, ал эми башка өлкөлөргө өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча өзүнчө улуттук механизмдерин киргизип, буга кошумча чек араларда жана негизги ички жолдордо текшерүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. "Бундибугио вирусу бар адамдар менен байланышта болгон же өздөрү ооруп жаткан адамдар медициналык эвакуацияларды кошпогондо, эл аралык саякатка чыкпашы керек", - деп билдирди ДСУ.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошол эле маалда ДСУ вирус жайылып жаткан чөлкөмдүн чегинде жайгашкан өлкөлөр чек араларды жаап же саякаттарды жана сооданы чектебеши керек деп эсептейт, себеби "мындай чаралар адатта коркуу сезиминен улам көрүлөт жана алардын илимий жүйөсү жок". Анын үстүнө мындай чаралар адамдар жана товарлар чек арадан бейформал жана көзөмөлсүз өтүшүнө алып келиши мүмкүн.
"Чек арасыз дарыгерлер" (MSF) аттуу Медициналык гуманитардык уюм эпидемиянын тез жайылышын "өтө кооптондуруучу" деп атап, кризисти жеңүү үчүн "маштабдуу чараларды" даярдап жатканын кабарлады.
Вирустун жайылышы Африканын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборун "вирус тездик менен жугуп жатканы" жөнүндө эскертүүгө түрттү. Ишембиде өткөн онлайн брифингде борбордун башкы директору, доктор Жан Касея вирустун биринчи учурлары Монгвалу медициналык округунда – калк жыш жайгашкан жана кен казуу менен жан баккан райондо катталганын айтты. "Көп өтпөй илдет Рвампара жана Бунияга жайылып кетти, себеби бейтаптар медициналык жардам сурап кайрылышкан, бул болсо вирустун үч медициналык округда жайылышына шарт түздү", - деди ал.
Касеянын айтымында, жабыркаган райондордо, айрыкча Монгвалуда вирус жуккан учурлар көп, бул "оорулуулар менен байланышкан адамдарга көзөмөл жүргүзүп, вирустун жайылышын болтурбоо жана көзөмөлдөө боюнча иш-аракеттерге кыйла олуттуу тоскоол болуп жатат".
Эксперттер азырынча оорунун биринчи учурун аныктай албай жатышат, бирок баштапкы маалыматтар боюнча, ал апрель айынын үчүнчү жумасында чыккан. "Учурда биз биринчи оорулуу адам ким болгонун билбейбиз. Демек, биз бул эпидемиянын масштабын да билбейбиз", - деди Касея.
Касея кошумчалагандай, "Ислам мамлекети" (көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да террорчу уюм катары таанылып, тыюу салынган) колдогон согушкерлер жигердүү кармашып жаткан Итуридеги туруксуз кырдаал мониторинг жана ыкчам реакция жасоо боюнча операцияларды чектеп жатат.
Конгонун Эбола менен күрөшүү тажрыйбасы бар, бирок өлкө жабыркаган аймактарга эксперттерди жана жүктөрдү жеткирүүдө кыйынчылыктарга туш болууда.
Аянты боюнча Африканын экинчи чоң өлкөсү болгон Конго Демократиялык Республикасынын провинциялары бири-биринен алыс жайгашкан жана басымдуу бөлүгүндө жаңжалдар токтой элек. Мисалы, Итури өлкөнүн борбор калаасы Киншасадан 2000 чакырымдай алыстыкта жайгашкан жана согушчандардын кол салуулары бул жерде сейрек эмес.
2021-жылдан бери Итури провинциясын аскерлер башкарып келүүдө. Ушундай жол менен Конгонун бийлиги бул райондо кеп жылдардан бери аракеттенип келаткан ондогон куралчан топторду, атап айтканда, ADF жихадчылар тобун (Союздаш демократиялык күчтөрдү) жок кылууга аракеттенип жатышат.
Африканын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, Эбола – бул ысытманы пайда кылган, денени ооруткан вирус, аны жуктурган адам кусуп, ичи өтөт. Вирус оорулуу адамдардын денесиндеги суюктуктар, вирусту алып жүргөн материалдар же оорудан каза болгондор менен тикелей байланыш аркылуу тарайт.
ДСУнун маалыматы боюнча, Эболадан текшерүүдөн өткөн дары жок, ал эми өлүмдүн орточо көрсөткүчү 50% түзөт.
Акыркы 50 жылдын ичинде Африка өлкөлөрүндө бул вирус 15 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кетти.
Конгодогу эң ири эпидемия 2018-2020-жылдары кулачын жайып, 2300гө жакын адам каза болгон.
Өткөн жылдын сентябрь айында өлкөнүн борбордук Касаи провинциясындагы алыскы Булапе районунда чыккан эпидемиядан 45 адам көз жумган. Бул Конгодо акыркы үч жылдагы биринчи Эбола очогу болгон. Сентябрдын аягында Эл аралык Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясы өлкөнүн медициналык мекемелери бейтаптарга толуп, дары-дармектер азайып баратканын эскерткен. (ZMa)




























