"Кемпир-Абад иши": Перизат Суранова мамлекеттен компенсация талап кылууда

Суранова
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып, кийин акталган активист Перизат Суранова укуктары бузулганын жүйө келтирип, мамлекеттен компенсация өндүрүү боюнча Биринчи май райондук сотуна арыз берди. Бул тууралуу ал видео кайрылуусун Facebook баракчасына жарыялады.

"Төрт жыл мурун, октябрда, 23 киши камакка алынганбыз. Алардын бири мен болчумун. Үч жарым жылга созулган териштирүү иши быйыл 26-мартта Бишкек шаардык сотунда аяктаган. Ал жерде Биринчи май райондук соту кабыл алган өкүм күчүндө калтырылган. Баарыбыз акталып чыкканбыз. Кечээ, 7-октябрда, Биринчи май райондук сотуна компенсация боюнча доо арызымды тапшырдым. Мен үчүн бул өтө маанилүү иш. Анткени бул менин укуктарымды калыбына келтирүү жана мамлекеттин жоопкерчилиги тууралуу маселе экенин белгилеп кетким келип жатат. Бул иштин аягына чыгуусу мен үчүн өтө чоң мааниге ээ. Анткени мунун мага гана тиешеси бар дегенден алысмын. Мындай жагдайга туш болгон жарандар өтө көп. Бул ишке укуктук дагы, тарыхый дагы, саясий дагы баа сөзсүз берилиши керек деп эсептейм. Иштин процессине биргеликте күбө болобуз",- деди ал.

2022-жылы мамлекеттик чек араны тактоо боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишим саясий жаңжалды жараткан. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин берилишине каршы болгон 27 адам: белгилүү саясатчылар, активисттер жана укук коргоочулар 2022-жылдын октябрь айында кармалган. Алар "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери менен айыпталган.

Бул кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф коюлуп, соттук териштирүүлөр жабык эшик артында өткөн.

2024-жылдын июнь айында Биринчи май райондук соту бул иш боюнча айыпталган 27 адамдын 22син актап, тергөө абагында кармалып келген сегиз айыпталуучуну сот залынан бошоткон. Акталгандар мындай чечимди күтпөгөнүн билдирип, сот адилет чечим чыгарганын айтышкан.

Бул чечимге макул болбогон мамлекеттик айыптоочулар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

27-мартта шаардык сот бул иш боюнча айыпталгандарды актаган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтыруучу чечимин чыгарган.