УКМК төрагасынын мурдагы орун басары жана экс-министр кармалганы кабарланды

кармалды
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кармалганы тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Азырынча алардын кайсы иштин алкагында кармалганы, эмнеге шектелип жатканы тууралуу маалымат жок. Укук коргоо органдары бул боюнча расмий комментарий бере элек.

2026-жылдын 10-февралындагы саясий өзгөрүүлөрдөн кийин Курванбек Авазов менен Каныбек Досмамбетов ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалганга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгын жетектеген.