Пентагон Форт-Худдагы атышуу үчүн өлүм жазасы берилген адамды атуу түз эфирде көрсөтүлөрүн билдирди

Сүрөттүн булагы, Bell County Sheriff's Office/Reuters
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет 2009-жылы Техас штатындагы Форт-Худ аскердик базасында куралсыз 13 америкалык аскерди өлтүргөн Нидал Малик Хасандын өлүм жазасын коомчулук түз эфирден көрө аларын билдирди. Хасан АКШ армиясында аскердик психиатр болуп кызмат өтөгөн. АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү бул маалыматты Би-Би-Сиге берген маегинде тастыктады.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Хасанга чыгарылган өлүм жазасы өкүмүн аткарууну буйруган.
"Адамдар муну көрүшү үчүн, коомчулукка жеткиликтүү болушу үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Анткени адамдар мындай аракеттердин артынан олуттуу кесепеттер келерин түшүнүшү керек",- деди Пентагондун башчысы Пит Хегсет бейшемби күнү.
Хегсет консервативдүү Real America's Voice телеканалына берген маегинде Хасан "атылып өлтүрүлөт. Дал ушундай болушу керек",- деп билдирген.
Би-Би-Си АКШнын президенти Дональд Трамп өлүм жазасын эл алдында түз эфирде көрсөтүүнү колдойбу же жокпу, тактоо үчүн Ак үйдөн комментарий сурады.
Буга чейин Пентагондун өкүлү Шон Парнелл коргоо министри мындай сунуш киргизгенин, Трамп сунушту жактырганын билдирген.
Өлүм жазасын 3-декабрда Техас штатындагы Форт-Худ базасында аткаруу пландалууда. Эгер бул ишке ашса, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери АКШнын аскердик түзүмүндө атуу жолу менен ишке ашырылган алгачкы өлүм жазасы болот.
Хасан кол салууну өзү жана башка кызматкерлер Ооганстанга кызмат өтөөгө жөнөтүлөрүнө бир нече жума калганда жасаган. Ал аскерлер медициналык текшерүүдөн, эмдөөдөн өтүү үчүн кезек күтүп турганда, эл жык толгон медициналык борбордо ок чыгарган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сотто Хасан "кетирген бардык каталары" үчүн кечирим сураган. Бирок 2013-жылы өткөн аскердик сот учурунда ал өзүнүн аракетин мусулмандарды жана Ооганстандагы талибдерди коргоо аракети катары түшүндүргөн. Хасан ислам динин тутунат.
Өлүм жазасына кесилген адамдардын укуктарын коргогон юрист Жон Миллстин айтымында, азыркы заманда өлүм жазасын элге ачык көрсөткөн учур боло элек.
"Менимче, бул үрөй учурган көрүнүштү элге көрсөтүү үчүн атайын уюштурулуп жатат. Азыркы доордо мындай чечимдин кабыл алынышы - болуп көрбөгөндөй көрүнүш. Анын укуктук негиздери да так эмес",- деди ал.
АКШнын аскердик мыйзамдарына ылайык, аскер кызматкерине чыгарылган өлүм жазасы өкүмүн аткаруу үчүн президенттин макулдугу талап кылынат. Мындан тышкары, өкүмдүн мыйзамдуулугун текшерип, аны күчүндө калтыруу же жокко чыгаруу маселесин чечүүчү апелляциялык кароо да өткөрүлүшү керек.
Миллстин билдиришинче, Хасандын иши боюнча апелляциялык процесс азырынча аяктай элек. Ал өкүмдү жана жаза чарасын федералдык сотто кайра кароону талап кылышы мүмкүн. Юристтин пикиринде, мындай учурда сот өлүм жазасын аткарууну убактылуу токтотуп коюшу ыктымал.
Миллс өлүм жазасы аткарылса, таң калаарын айтты.
"Атуу жазасын түз эфирде көрсөтүүгө аракет кылуу - Трамптын администрациясынын коомдун көңүлүн өзүнө тартуунун бир жолу. Бул ишке ашары күмөн. Анын үстүнө, мындай кадам адилеттүүлүккө жеткирери да арсар",- деп кошумчалады ал.
АКШнын айрым штаттарында өлүм жазасын аткарууга күбөлөрдүн катышуусуна уруксат берилет же белгилүү бир тартипте коомчулукка көрсөтүү каралган. Көптөгөн штаттарда журналисттердин катышуусу милдеттүү болуп саналат, ал эми өлүм жазасына кесилген адам өзү да күбө катары катыша турган адамдарды чакыра алат. Башка штаттарда каалоочуларга да өлүм жазасынын аткарылышына күбө болууга уруксат берилет.
"Бирок АКШда өлүм жазасын түз эфирде көрсөтүү буга чейин эч качан болгон эмес",- деди АКШдагы өлүм жазасын аткаруу ыкмаларын изилдеген, Фордхэм университетинин профессору Дебора Денно.
Анын айтымында, өлүм жазасын түз эфирде көрсөтүүнү уюштурууда көрүүчүлөрдүн жаш курагы боюнча чектөөлөр жана трансляция жүргүзүлө турган интернет-платформанын эрежелери эске алынышы керек. Тактап айтканда, мындай көрсөтүү платформанын саясатына каршы келбей турганы да аныкталышы зарыл. Азырынча түз эфир кайсы платформада же кайсы жерде көрсөтүлөрү белгисиз.
АКШ армиясында акыркы жолу 1961-жылы өлүм жазасы аткарылган. Анда АКШ армиясынын катардагы жоокери 11 жаштагы австриялык кызды зордуктаган деп айыпталып, дарга асуу жолу менен өлүм жазасына тартылган.
Ал кездеги президент Дуайт Эйзенхауэр өлүм жазасын аткарууга уруксат берген. Жабырлануучунун үй-бүлөсү мунапыс берүүнү өтүнүп кайрылганына карабастан, жаза аткарылган. Үй-бүлө бул өтүнүчтү Эйзенхауэрдин ордуна президент болгон Жон Кеннедиге жолдогон.
Ал эми АКШ армиясында атуу жолу менен ишке ашырылган акыркы өлүм жазасы 1945-жылдын январында, Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы айларында болгон. Ошол кезде армиядан качып кеткен жаш жоокер Эдди Словик атып өлтүрүлгөн.
Президент Дональд Трамп өлүм жазасын коомчулукка ачык көрсөтүүнү мурда ачык колдоп чыкпаса да, ал көптөн бери өлүм жазасын колдоп келет.
Трамп Ак үйгө кайра кайтып келгенден кийин мурдагы президент Жо Байден киргизген федералдык деңгээлдеги өлүм жазаларын аткарууга мораторийди тез арада жокко чыгарган. Ошондой эле өлүм жазасын "калыбына келтирүүгө" жана "коомдук коопсуздукту коргоого" багытталган жарлыкка кол койгон.





























