Чернобылдагы кырсык: СССРдин КГБсы диверсанттарды кантип издеген?

    • Author, Станислав Цалик
    • Role, Тарыхчы, Би-Би-Синин Украин кызматы үчүн
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Мындан туура 40 жыл мурда, 1986-жылы 26-апрелге караган түнү Чернобыль атомдук электр станциясынын төртүнчү энергоблогу жарылган. Бул күнү атомдук энергетиканын тарыхындагы эң чоң апаат болгон. КГБнын архивдик документтеринин негизинде СССРдин мамлекеттик коопсуздук кызматтары кырсыктын күнөөкөрлөрүн америкалык тыңчылардын жана чет өлкөлөрдөгү украин улутчулдарынын арасынан кантип издегенин эстейли.

Апааттан кийинки алгачкы күндөрү совет бийлиги Киевге келген батыш журналисттери үчүн альтернативалуу виртуалдык реалдуулукту түзүп, трагедиянын реалдуу кесепеттери жөнүндө чындыкты жашыра алган.

Кырсык болгон учурда станцияда радиациянын деңгээли нормадан дээрлик 3 миң эсе, ал эми 26-апрелдин кечинде 600 миң эсе ашкан. Катуу радиоактивдүү булгануунун айынан жүздөгөн калктуу пункттарда жашоого мүмкүн болбой калган, Киев облусунун 130 миңге жакын тургуну башка жерлерге биротоло көчүрүлгөн. Беш миллион гектардан ашык жер айыл чарбасы үчүн таптакыр жараксыз абалга келген.

Ошол түнү төртүнчү энергоблок пландуу ремонт иштери үчүн токтотулмак. Станциянын жетекчилиги ушул жагдайдан пайдаланып, бир катар сыноолорду жүргүзүп алууну чечкен, бирок кырдаал тез эле көзөмөлдөн чыгып кеткен.

Бүдөмүк түшүндүрмөлөр

Станцияда орун алган эки жарылуу реакторду толугу менен талкалап салган. Төртүнчү энергоблоктун чатырын өрт чалган. Иштеп жаткан биринчи, экинчи жана үчүнчү реакторлордо да өрт чыгуу коркунучу жаралган.

Кырсыктан сегиз сааттан кийин Украина ССРинин КГБсынын башчысы Степан Муханын колуна Чернобыль АЭСинин директору Виктор Брюхановдун окуянын чоо-жайын баяндаган кызматтык каты тийген.

Болгон окуяны түшүндүрүп бергени менен, Брюханов сыноолор тууралуу айткан эмес. Документке "жашыруун" деген белги коюлган.

Кырсыктын версиясы: диверсия

Кырсыктан бир нече саат өткөндөн кийин "Припять" деген коддуу аталыш менен иш-чаралардын планы бекитилген. Бул планга ылайык, Чернобыль атомдук станциясында чет өлкөлүк чалгын кызматтарынын тыңчылары издөөгө алынган.

1985-жылдын октябрында станцияга келгенде Батыш Германиянын Elba-Kaiser фирмасынын өкүлү кимдир-бирөөнү өз тарабына өткөрө алганбы же жокпу – КГБнын кызматкерлери мына ушуну иликтешкен. Акыркы бир жыл ичинде чет өлкөгө иш сапары менен чыгып келген кызматкерлер суракка алынган. Станциянын кызматкерлеринин чет өлкөлүк мекемелер менен кат алышуулары дыкат текшерилген.

Кырсыктан кийин Чернобыль АЭСинде КГБнын ишке тартылган 82 тыңчысы жана 113 ишенимдүү адамы болгон. Бирок ЦРУнун тыңчыларын табуу аракеттеринен майнап чыккан эмес.

Бул жагынан алганда, жабырлануучуларга гуманитардык жардам жеткирүүгө уруксат сураган АКШдагы украин уюмдарынын иш-аракеттери атайын кызматка шектүү көрүнгөн. СССР диаспоранын жардамды жеткирүү сунушуна көнгөн эмес.

Жашырып коюу мүмкүн болгон жок

Кырсык тууралуу биринчи болуп шведдер билишкен: алардын Forsmark АЭСиндеги дозиметрлери радиациянын деңгээли жогору болгонун көрсөткөн. Бирок, Forsmark станциясында баары жайында экени тез эле аныкталган – радиоактивдүү бөлүкчөлөр СССРден соккон шамал менен келген. Ошондо шведдер Европадагы ири атомдук электр станциясында үрөй учурган апаат болгонун баамдашкан.

Швециянын дипломаттары суроолор менен Кремлге кайрылганда, ал жактагылар баарын четке кагышкан. Эл аралык майданда абройду жоготуп алууну каалабагандан тышкары, башка да себеп болгон: СССРде май майрамдарына даярдыктар кызуу жүрүп жаткан эле.

Кагаздан окулган учкай маалымат

Скандинавиялыктардын катуу кысымы астында советтик лидер Михаил Горбачев мамлекеттик телевидениеге реакторлордун бири иштен чыкканы тууралуу кыскача маалымат берүүнү тапшырган. 28-апрелдин кечинде "Время" берүүсүнүн диктору жогору жакта бекитилген бир нече сүйлөмдү кагаздан окуп берген.

Бул маалыматта Чернобыль АЭСи учкай аталган, бирок жарылуу, өрт, радиоактивдүү заттардын жогорку деңгээлде бөлүнүп чыгышы, булганган аймактар, Припять шаары толугу менен эвакуацияланганы жөнүндө сөз да болгон эмес.

Кийинчерээк Москва көбүрөөк маалымат берүүгө мажбур болгону менен, анын чыныгы масштабын жашырууга абдан аракет кылган.

Чындыкты талап кылгандар

30-апрелде Нью-Йоркто СССРдин БУУдагы өкүлчүлүгүнүн алдында митинг өткөн. Анын катышуучулары – АКШда жашаган украиндер кырсыктын масштабы жана кесепеттери жөнүндө чын маалыматты айтууну, жабыркагандарга чукул жардам жеткирүүгө уруксат берүүнү талап кылышкан.

СССРдин маалымат каражаттарында митингдер тууралуу кабарлар чыккан эмес. КГБнын документтеринде митингдин катышуучуларын "улутчулдар" деп кемсинтүү менен аташкан.

Кырсыктын себеби катары теракт версиясы көпкө чейин негизги болуп каралып келген.

КГБ, сыягы, атомдук станциядагы жарылууга жана өрткө чет өлкөлүк атайын кызматтардын тиешеси болбогонуна көпкө чейин ишене алган эмес.

Киев облусунун Иваньков районунун эки тургуну кырсыктан үч жыл өткөндөн кийин да суракка чакырылган.

Мурдагы шаар корукка айланды

1986-жылдын августунда станциянын директору Виктор Брюханов жана башкы инженер Николай Фомин, ал эми декабрда башкы инженердин орун басары жана ошол каргашалуу түндөгү сыноолордун жетекчиси Анатолий Дятлов камакка алынышкан.

Сот аларды он жылга эркинен ажыраткан. Алардын кол алдында иштеген бир нече кызматкер эки жылдан беш жылга чейин соттолгон.

1991-жылы тергөө реактордо бир катар конструкциялык мүчүлүштүктөр болгонун аныктап чыккан. Бул мүчүлүштүк авариянын негизги, бирок жалгыз себеби эмес эле.

Брюханов жана Дятлов мөөнөтүнөн мурда абактан чыгышкан. Фомин болсо психиатриялык ооруканага түшүп калган, бирок кийинчерээк ал да бошотулган.

Апааттан кийинки алгачкы айларда эле коопсуздук чаралары жана айлана-чөйрөнү зыянсыздандыруу үчүн 18 миллиард рубль сарпталган. Бүгүнкү күндөгү эсеп боюнча бул болжол менен 68 миллиард долларга барабар сумма.

2016-жылы 30 чакырымга созулган аймак Украинанын эң чоң коругу – Чернобыль радиациялык-экологиялык биосфералык коругу деп жарыяланган. (ZMa)