Швецияда мектептердин биринде кол салуу болуп, адам өмүрү кыйылды

Сүрөттүн булагы, EPA
Швециянын Фагерста шаарындагы мектепке мачете менен жасалган кол салуудан бир адам каза болду. Кол салууга шектелип, 18 жаштагы эркек кармалды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, полиция кызматкерлери жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дөн кийин Фагерста шаарындагы Brinell мектебине чакыруу түшкөндөн кийин барышкан.
Кол салуунун кесепетинен эки өспүрүм бала оор жаракат алган. Дагы бир адам жеңил жаракат алганы кабарланды.
Швециянын коомдук телерадиоберүү кызматы SVT өз булактарына таянып билдиргендей, кол салган киши ушул мектепте окуп кеткен жана буга чейин ал кол салуу боюнча соттогон.
Brinell мектеби жайкы каникулдан кийин жакында эле кайра ачылган. Анда болжол менен 500 окуучу билим алат.
Полициянын билдирүүсүндө, шектүүнү кармоо учурунда кызматкерлер ага ок чыгарышкан. Андан кийин ал кармалган. Кол салган адамдын аты-жөнү азырынча жарыяланган жок.
Кол салуунун себептери азырынча белгисиз. Ошол эле учурда полиция шаар тургундары үчүн мындан ары коркунуч жок экенин билдирди.
Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон окуяны "олуттуу инцидент" деп атады. Король Карл XVI Густав болгон окуядан "таң калганын жана кабатыр болуп турганын" билдирди. Акыркы жылдары Швецияда билим берүү мекемелерине бир нече жолу кол салуу катталган.
2025-жылы Эребру шаарындагы чоңдор үчүн окуу борборунда атышуу болуп, анын кесепетинен кол салган адамды кошкондо 11 адам каза болгон. Бул кол салуу Швециянын тарыхындагы ушундай мүнөздөгү эң ири окуя болуп калган.
Андан кийин өлкөнүн бийлиги ок атуучу куралга ээлик кылуу эрежелерин күчөткөн. Эребрудогу кол салууга шектелген адам төрт мылтыкты мыйзамдуу түрдө сатып алган. Алардын үчөө окуу борборунан табылган.
Мындан тышкары, 2022-жылы Мальмё шаарындагы жогорку класстар мектебине жасалган кол салуудан эки мугалим каза болгон. Кийинчерээк 18 жаштагы окуучу кылмышты жасаганын мойнуна алган.
2015-жылы Тролльхеттан шаарындагы мектепке мачете менен жасалган кол салуудан бир окуучу жана бир мугалим каза болгон.




























