Миграция мыйзамдарын бузган чет өлкөлүктөргө 700 миң сомдон ашуун айып салынды

Сүрөттүн булагы, Social
Бишкекте курулуш объектилеринде жүргүзүлгөн "Нелегал" рейдинин алкагында миграциялык мыйзамдарды бузган ондогон учур аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарга 700 миң сомдон ашуун айып пул салынды.
Укук коргоо органдары 20дан ашык курулуш объектисин, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар иштеген жерлерди текшерди.
Рейддин жыйынтыгында ИИМге 71 чет өлкөлүк жаран жеткирилди. Алардын 64нө миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик протокол түзүлдү. Атап айтканда, алар өз убагында каттоодон өткөн эмес жана визаны узартуу тартибин бузган. Протокол түзүлгөндөн кийин алар бошотулган.
Дагы 7 адам Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документтери болбогондуктан, алар убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
Жалпысынан Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 431-беренесине ылайык, чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу, эмгек ишмердигин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 64 протокол түзүлгөн. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 600 миң сомдон ашкан.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 93-беренесине ылайык, иш берүүчүлөргө карата эки протокол түзүлгөн. Аларга салынган айып пулдун жалпы суммасы 130 миң сомду түздү.
Ошентип, рейддердин жыйынтыгында салынган айып пулдардын жалпы суммасы 700 миң сомдон ашкан.
2026-жылдын май айында Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга карата миграциялык эрежелер өзгөргөн. Тагыраагы жаны тартип миграциялык жол-жоболорду жакшыртууга, чет өлкөлүктөрдүн тиешелүү документтерди алуу процессин ачык жана ыңгайлуу кылууга багытталган.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстанга келип жаткан чет өлкөлүк жарандардын саны өсүүдө. Буга чейин Кыргызстан негизинен эмгек мигранттарын чет өлкөгө жөнөткөн өлкө катары белгилүү болсо, азыркы учурда өлкөгө жумуш издеп келген чет элдик жарандардын саны да аз эмес.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды жумушка орноштурган миңден ашык компания бар.
Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин чечими менен 2025-жылы чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстанда ишке тартуу үчүн 25 миң орундук квота берилген.




























