"Кылым Банк" президенттин Иш башкармалыгына өткөнү айтылды

Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Мамлекетке таандык болуп келген "Кылым Банк" Финансы министрлигинен Кыргызстан президентинин Иш башкармалыгына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, мындай чечим банктын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Кылым Банк" 2024-жылдын 26-декабрында Министрлер кабинетинин токтому менен түзүлгөн.

Банктагы мамлекеттин үлүшү 100 пайызды түзөт. Анын уставдык капиталы 1 миллиард сом деп белгиленген.

2027-жылга чейин банктын уставдык капиталын 5 миллиард сомго жеткирүү пландалган.

"Кылым Банк" президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп жаткан жалгыз мамлекеттик ишкана эмес.

Буга чейин "ЭлКат" жоопкерчилиги чектелген коом, "Унаа" ишканасы, "Учкун" басмаканасы, "Кызмат", "Кыргызиндустрия" ишканалары, "Салкын-Төр" мамлекеттик жаратылыш паркы, "Акнет" компаниясы, "Түндүк" ААКсы өткөн.