Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы сооданын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

2025-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд доллардан ашты, бул 2024-жылга салыштырмалуу 19%га көп. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында өткөн өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын жыйынында билдирди.

"Акыркы беш жылдын ичинде (ред.сооданын көлөмү) эки эсе өскөнүн баса белгилегим келет. Биз биргелешип алдыга амбициялуу, аткарыла турган максатты койдук, 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү", - деди Адылбек Касымалиев.

Кыргызстандын өкмөт башчысы өзбек кесиптешине биргелешкен индустриалдык парктарды жана логистикалык комплекстерди түзүүнү сунуштады. 2030-жылга чейин агроөнөр жайлык кооперациялык программаны иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүгө чакырды.

Транспорт тармагындагы кызматташтыктын мааниси, айрыкча, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун курулушуна басым жасалды. Энергетика тармагындагы стратегиялык мааниге ээ, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууну тыгыз координациялоо макулдашылды.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзбек тарап дайым даяр жана кызыкдар экенин билдирди.

Отурумдун соңунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынынын Протоколуна кол коюлду.